Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:17

Израилде жаңы чабуулдан төрт киши набыт болду


Израиль полициясынын командири Яков Боровскийдин билдиришинче, Афула шаарындагы дүр-дүйнө дүкөнүнө кире бериште орун алган жанкечтилердин чабуулунда дагы 40тан ашык киши жараат алды. Жанкечти - аял киши болдондугу болжолдонууда.
Чабуул үчүн жоопкерчиликти радикал «Исламдык Жихад» уюму өзүнө алды. Ишембиден берки төрт чабуул үчүн «Хамаз» уюму жоопкерчиликти өзүнө алган эле.
АКШнын президенти Жорж Буш бул окуяларга карабастан, эл аралык жаңы тынчтык планын ишке ашыруу аракетин улантаарын бышыктады:

- Мен Жакынкы Чыгыштагы тынчтык жараянын уланта берем. Бирок террористтер ишин токтотмоюнча, бул жараян жеңил болбой турганы анык болуп калды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG