Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:32

МАСКӨӨДӨГҮ КЫРГЫЗСТАНДЫКТАРДЫН КЕЧЕСИНЕН РЕПОРТАЖ


Төрөкул Дооров, Москва Жакында Орусиянын борбор калаасы Маскөөдөгү кыргызстандыктардын кечеси өттү. Анда студенттер, аспиранттар менен доктаранттар, ошондой эле түрдүү иштер менен алек болуп жүрүшкөн кыргызстандыктар болушту.

Ушул жылдын март айында өткөн биринчи жолугушуудан кийин Маскөөдө жашаган кыргызстандыктар дагы бир ирет көрүшүүнү туура табышты. Кече шаардын кооз түнкү клубдарынын биринде өтүүсү белгиленгенден кийин, уюштуруучулар шамга аралаш клубдун ичин улуттук жасалгалар менен кооздошуп, үстөлдөрдү боорсоктор менен толтуруп салышты. Акырындап эл агылып, бир канча мүнөттөрдөн кийин бул жер кадимкидей шаңдуу тойдун болушунан кабар бере баштады. Топтолгондордун басымдуу бөлүгү Маскөөдөгү түрдүү жогорку окуу жайларында окушкан студенттер, бирок алардан сырткары өздөрүнүн жеке ишкердиги менен машыгып жүрүшкөн кыргызстандыктарды да байкабай коюуга болбойт.

Алгач, Кыргыз Республикасынын улуттук гимни менен сахнанын көшөгөлөрү ачылып, алып баруучулар мында келгендерге майрамдык маанай каалашты. Ар ким бири-бири менен таанышууга, ырдап, бийлөөгө ашыгышкандай. «Мындай жолугушуулар эптеп эле убакытты бирге өткөрүүгө эмес, көбүрөөк мекендештердин башын бириктирип, кандай оор маселелер болбосун бирге чечүүгө белгилүү деңгээлде мүмкүнчүлүк берет» деп ойлойт Н.Э.Бауман атындагы мамлекеттик техникалык университеттин бүтүрүүчү курсунун студенти Залкар Жаныбек уулу.

- Кантсе да, бөтөн элдин арасында, чоочун мамлекетте жүрөбүз. Күндө эле бири-бирибизди көрө бербейбиз. Мисалы, мен окуган жерде Кыргызстандан башка студенттер жок. Телефон аркылуу байланышып турганыбыз менен, бет маңдай олтуруп көрүшүү бир топ кыйынчылыктарды жаратат. Ал эми бүгүнкүдөй кечелер мына ушул мүмкүнчулукту бере тургандыгы аябай кубантат, – дейт Залкар Жаныбек уулу.

Өзүнүн жакшы уюшулганынанбы, же адамдардын арасында тааныштардын көбөйгөнүнөнбү, айтор, бул кеченин буга чейинкилеринен ачыктыгы, жандуулугу менен айырмалангандыгын байкадым. Мына ушундай эле өзгөрүүнү сезген Маданият жана искусство университетинин студенти Саида Хурулбаева өз ою менен мындайча бөлүшөт:

- Менимче, бул биздин жердештердин арасында биримдик сезимин жаратат. Албетте, мындай жолугушуулар салтка айланса жакшы болмок. Бир чети, чындап эле салтка айлана баштаганы байкалат. Көптөн бери көрүшпөй жүрүп, бул жылдын жазында эле эки ирет чогулганыбыз да буга жакшы далил болсо керек.

Кеченин кызыктуу болушуна мында Кыргызстандан келишкен коноктордун да салымы бар. Белгилүү ырчылар Ырыскелди Осмонкулов менен Актан Исабаев алыста, мекенге барууну самап жүрүшкөн кыргызстандыктардын мындай аракеттерине ыраазы болушту.

- Маскөөдөгү кыргыздарга рахмат, жакшы тосуп атышат. Ал эми бүгүнкү маараке, албетте, жакшы аракеттердин жышаанын берет деп ойлойм. Анткени, кыргыздар чогулушуп, элибиздин эски, жаңы ырларын ырдашат экен, мекенди эстешип, өзүнчө бир жакшы дем алыша тургандыгына ынандык. Маскөө чоң шаар, ал эми кыргыздардын саны аз. Анткен менен ошол аз сандагы жердештерибиздин да жигердүү аракеттери бар экенин байкадым, – деп ыраазылыгын айтты Ырыскелди Осмонкулов.

Ал эми Актан Исабаевдын ырларын жатка билишкен студенттерге ыраазы болгонун жашыра албады:

- Кыргызстандан Маскөөгө чейин келип, мындагы кыргыздар үчүн бүгүнкүдөй чоң иш-чарада катышып олтурганыбызга өтө кубанычтабыз, маанайыбыз да ачык.

Ыр-бий, күлкү-тамаша түнү менен уланып, көптөгөн кызыктуу оюндар менен коштолду. Таңга маал акырындык менен кечеге келишкендер Маскөөнүн зуулдап аккан жашоосуна жуурулушуп, кайра күнүмдүк турмуштун жолуна түшүштү.

XS
SM
MD
LG