Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:29

Ооган өкмөтү бажы төлөмдөрүн мамлекеттик казынага которо албай жатат


Ооганстандын убактылуу президенти Хамид Карзай 20-май күнү өлкөнүн провинцияларынын акимдери менен жолугуп, экономикалык маселелерди талкуулады. Анын айтымында, провинцияларда чогултулган бажы төлөмдөрү мамлекеттик казынага түшпөй жатат жана мындай абал дагы уланса, акимдерге каршы катуу чаралар көрүлөт. Жекшембү күнү Карзай - эгер акимдер ага баш ийбесе, ал кызматтан кетээри тууралуу да айткан. Өткөн жылы өлкөдө 500 миллион доллардан ашык бажы төлөмдөрү чогултулган, бирок өкмөттүк казынага анын 80 миллиону гана жеткен. Кабул шаарына - Ооганстан боюнча АКШнын атайын өкүлү Залмай Хализад да келди жана ал дагы акимдер менен жакында жолугушууларды өткөрөт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG