Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:15

АКШ президентинин айтымында, террорго каршы согуш улантылат


АКШ президенти Жорж Буш 19-май күнү Вашингтондон атайын билдирүү жасап, Сауд Арабия менен Мароккодо болгон террор аракеттери - эл аралык терроризмге каршы согушту улантыш керек экенин көрсөттү деп билдирди. Анын айтымында, дүйнөнүн эркин мамлекеттери бул күрөштү улантып, терроризмди баары бир жеңет, америкалык адистер болсо, акыркы жардыруулардын артында "Аль-Каида" уюму турбайбы деген маалыматты текшерүүдө. 12-май күнү Сауд Арабиянын борбор калаасында үч жардыруу болуп, андан 34 адам набыт болгон жана Вашингтондун айтымында, Сауд Арабияда жакында дагы жаңы жардыруулар уюштурулушу мүмкүн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG