Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:19

ЖАЛАЛАБАД ЖАҢЫРЫГЫ, АКСЫЛЫК АЯЛДАРДЫН АЧКАЧЫЛЫГЫ, МИЛИЦИЯ ИКАЯСЫ


Жалалабаддагы окуянын артында кимдер турат, куралын тарттырган милициянын тынч пикет, жөө жүрүштөргө жасаган мамилеси, аксылык аялдардын саясий ачкалыгы, өзбек маданий борборунун кезектеги курултайы, коррупцияга каршы күрөш кыргыз басылмаларында арбын чагылдырылган темалардан болду.

“Таламандын тал тушунда Жалалабаддын милийсаканасынан курал-жарактардын уурдалып кетишинин артында ким турат?” - деп шейшембидеги “Слово Кыргызстана” гезитинде журналист Александр Галуничев собол таштады. Милициянын куралын тартып алып бир айылдын элин бийликке каршы көтөрүүнү эңсеген адамдардын артында чын эле кимдер турат? “Бул өтө олуттуу суроо,- деп жазат макала автору,- себеп дегенде, кеп мамлекеттик коопсуздук жайында жүрүп атат, бийликтин өзгөчө органы милицияга кол салынып атат. Мындай иш криминалга аралашкандардын колунан келбейт”.

Милиция кызматкерлери жөн-жай адамдарды тоноп алышаарын, формачандардын сесинен корккон кишилердин көбү башка жакка арызданып барышпай тургандыгын шейшембидеги «Вечерний Бишкек» гезитинде Юрий Александров жазып чыкты. Автордун маалыматына караганда, Бишкектин Батыш автобекетинде милиция кызматкерлери баңгизат издөө шылтоосу менен жөн-жай адамдарды текшерип акчасын алып коюшаарын Казакстандан, Орусиядан жана КМШнын башка өлкөлөрүнөн келишкен меймандар да билдиришкен.

Милиция кызматкерлеринин зомбулугуна нааразы болгон аксылык энелер саясий ачкалык жарыялашып, президент А.Акаев алдыларына келмейин акцияны токтотушпай тургандыгын шейшембидеги “Агым” гезитинде Замира Кожобаева “Эне сүтү каргыш болуп каптайбы?» деген макаласында баяндаган. “Аксылык энелер” кыймылынын жетекчиси Дилбар Момукулова:”Эгер Акаев чыныгы ата уулу болсо энелердин алдына өзү келсин. Биз акыйкатка жетмейинче ачкачылыгыбызды да токтотпойбуз, кетпейбиз дагы. Аксы ыйык жер, биз ант берип чыкканбыз”, - деп билдирген. “Көрсө биздин милиция кызматкерлеринин күчү жалаң пикет, митингге чыккан, өздөрүнүн укугун коргоого аракет кылган, акыйкат издеген тынч элге... анан 70-80деги кемпир-кесектерге ач бөрүдөй тийгенге гана жетет турбайбы”,- деп жазат Замира Кожобаева.

Басылмада Ошто өткөн өзбектердин курултайы тууралуу Алишер Токсонбаевдин макаласына да орун берилген. Жыйында “кайым айтышууларга чыдабаган мамлекеттик катчы О.Ибраимов курултайды таштап чыгып кетти,- деп жазат Алишер Токсонбаев.- Эки губернатор жана К.Осмонов өз ара шыбырашып, мостоюшту. Сыягы, мындай интригаларды күтүшпөсө керек.”

Жалалабаддагы милийсаканага кол салууга, аксылык энелердин Бишкекте кармалышына шейшембидеги “Республика” гезитинде Замира Сыдыкова токтолду. «Облустук, шаардык милийсаканасы тонолуп аткан чакта ички иштер министри токтоосуз кызматтан кетиши керек болчу», деп жазат автор. Аскердик милдетин өтөп жатышкан жоокерлер арасындагы зордук-зомбулук 60-жылдардан тартып, СССР тушунда армияга кылмыштуу топторду чакыра баштагандан бери күч алгандыгы ушул эле басылмадагы Владимир Асеевдин материалында баяндалган. Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Мирбек Койлубаевдин маалыматына караганда, Кыргызстанда аскердик милдет өтөө мөөнөтү азайтылып, сержанттарды даярдоо мектеби ачылат.

Шейшемби күнкү «Моя столица» гезити Замир Өсөровдун макаласын жарыялады. Анда автор кыргыз бийлиги коомдук-саясий маселелердин түгөл баарын күчтүн жардамы менен чечүүгө аракет кылып келатканына, пикетчилерди, жөө жүрүштөгүлөрдү милиция кызматкерлери күчкө салып камап коюшу көнүмүшкө айланып бараткандыгына токтолгон. «Жалалабаддагы чагылгандын жаркылдагы дагыле жаркылдап турганы» Александр Ким менен Юрий Груздовдун макаласында баяндалат. Авторлордун маалыматы боюнча, кол салуу болгондон кийин милиция кызматкерлери кыйлага чейин окуяны ИИМ менен ИИБге билдиришкен эмес. «Тартип сактоо органдары криминалдык дүйнөдөн жеңилип келатат», деп эсептейт макала авторлору. «Бийлик болсо криминалдык иштен деле саясий өң-түс табуу аракетин таштабай келатат».

«Ошентип, «мен кыргыздын уулумун» дегендер кыргыз жери Үзөңгүкуушту Кытайга өткөрүп беришти. Кыргыз жерин сактап калабыз деген 96 адамды милиция кызматкерлери парламенттин астынан колу-башын толгоп камерага камашты», деп жазат шейшемби күнкү «Аалам» гезитинде Элмира Кулуева. Бул өткөн жылкы окуя. Быйылкы жылдын 16-майында ошол эле окуя кайра кайталанды. Пикетке чыккан ондон ашуун адамды милиция кызматкерлери кармап алып кетишип, сот эки укук коргоочуга 1000 сомдон айыппул салды. Бишкекте Аалам таануу аалымканасы ачылганы, жаңы уюмдун бетачар аземи 31-майда Жетиөгүздө түлөө өткөрүү менен коштолоору да ушул эле гезитте баяндалат.

Кыргыз өкмөтүнүн башчысы Николай Танаевдин Түркиядагы иш сапары ийгиликтүү өткөнүн шейшембидеги «Кыргыз туусу», «Эркинтоо» гезиттери жазып чыгышты.
XS
SM
MD
LG