Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:45

Киши сатууга каршы күрөш маселеси Бишкекте талкууланды


БИШКЕК. Киши сатууга бөгөт коюу максатында өлкөнүн Кылмыш-жаза жана Административдик кодекстерине өзгөртүүлөр жана кошумчалар киргизилет. Анда мындай кылмыш жасагандарга жазаны күчөтүү каралууда. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн семинарда айтылды. Семинар Киши сатууга каршы күрөш боюнча президенттин алдындагы улуттук кеңештин жана Эл аралык миграция уюмунун демилгеси менен уюштурулду. Анда айтылган маалымат боюнча, жыл сайын 4 миңдей кыргыз жараны мыйзамсыз сатылат. Мындай терс көрүнүшкө бөгөт коюу максатында Миграция боюнча эл аралык уюм жана Киши сатууга каршы күрөш боюнча улуттук кеңеш мыйзамдарды күчөтүү менен катар кеңири пропагандалык иштерди жүргүзүшүүдө. Айрым маалыматтар боюнча, Кыргызстандан кыздар араб өлкөлөрүнө, Түштүк Кореяга сатылган, ал эми эркектер Казакстанда кулдукка сатылган фактылар орун алууда.

XS
SM
MD
LG