Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:19

Акциздик салыктын азайтылышы оң натыйжаларды берүүдө


БИШКЕК. Бензинге жана дизелдик майга акциздик салыктын эки эсеге азайтылышы туура кадам болуп, өлкөгө күйүүчү майды мыйзамдуу түрдө ташуу көбөйдү. Анын натыйжасында бюджетке акциздик салыктын түшүшү арбыды. Бүгүнкү маалымат жыйынында вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев ушундай билдирүү жасады. Өкмөттүн 20-марттагы токтому менен бир тонна бензинге акциз салыгынын көлөмү 3 миң сомдон 1,5 миң сомго, дизелдик майдыкы 800 сомдон 500 сомго чейин төмөндөтүлгөн. Натыйжада апрель айында салыктын көлөмү 69 млн. сомго чейин көтөрүлгөн. Акциз салыгы төмөндөтүлгөнгө чейин, март айында бул көрсөткүч 34 млн. сомду түзгөн. Мыйзамдуу түрдө бензин жана дизелдик май ташуу эки эседен ашык көбөйүп, товарлардын бул түрүн түштүк регионго жана Таласка да мыйзам чегинде ташуу башталган. Жалпысынан күйүүчү майдын баасы дээрлик 2 сомго арзандаган.

XS
SM
MD
LG