Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:09

Тышкы иштер министринин Франциядагы иш сапары башталды


БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстандын тышкы иштер министри Аскар Айтматовдун Франциядагы расмий иш сапары башталды. Иш сапарынын учурунда Аскар Айтматов Франциянын тышкы иштер министри Доминик Вилльпен, бул өлкөнүн Сенатынын төрагасынын орун басары Серж Винсон, экономика министри Франсуа Лосс, Европа биримдигинин тышкы иштер боюнча комиссары Кристофер Паттен жана ЮНЕСКОнун баш катчысы Коитиро Мацуура менен жолугушат. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, сапардын максаты - Кыргызстан менен Франциянын ортосундагы саясий диалогду тереңдетүү, коопсуздук жаатындагы жана соода-экономикалык кызматташтыкты өркүндөтүү. 23-майга чейин созула турган иш сапарында Аскар Айтматов «Баңгизаттардын Борбордук Азиядан Европага барган жолу» деген темада Парижде өтө турган эл аралык конференцияга да катышат.

XS
SM
MD
LG