Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:54

Өкмөттө жана ИИМде Жалалабад окуясы каралды


БИШКЕК. Бүгүн премьер-министр Николай Танаевдин төрагалыгы астында өкмөт жыйыны болду. Анда кылмыштуу топтун Жалалабад шаардык жана облустук ички иштер кызматтарындагы кезметчилерди сабап, сактоодо турган 35 куралды зордук менен алып кеткени талкууланды. Жыйындын жүрүшүндө «Кыргызстанга кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү согуш ачты» деп айтылып, бул туризмдин өнүгүшүнө сокку ураары белгиленди. Бул окуяга жол бергендиги үчүн биринчи вице-премьер-министр Курманбек Осмоновго, ички иштер министри Бакирдин Субанбековго жана анын эки орун басарына сөгүш жарыяланды.
Жалалабаддагы окуя бүгүн Ички иштер министрлигинин коллегиясында да каралды. Коллегияда Жалалабад шаардык ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги кызматтан бошотулуп, облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Бактыбек Алымбековго жана анын орун басарларына эскертүү берилип, андан төмөнкү даражадагы облустук эки милиция жетекчиси кызматтан алынды.
15-майда милициянын Жалалабад облустук башкармалыгына жана шаардык бөлүмүнө 8 адам кол салган. Алардын жетөө кармалып, топтун лидери саналган бирөө кармала элек.

XS
SM
MD
LG