Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:53

АКСЫЛЫК АЯЛДАРГА АКЫЙКАТЧЫ МЕНЕН БИЙЛИК ӨКҮЛДӨРҮ ЖОЛУГУШТУ


17-майдан бери Бишкекте ачкачылык жарыялап отурган аксылык аялдар менен шейшемби күнү Коопсуздук кеңешинин катчысы Мисир Ашыркулов, президенттик администрациянын коопсуздук жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Болот Жанузаков, биринчи вице-премьер-министр Курманбек Осмонов жолугушту. Бул жолугушууга Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу ортомчулук кылды. Бирок, аксылык аялдар өз талаптарына президент жооп бергиче Бишкектен кетпей турууну ылайык көрүшүүдө.

20-май күнү адегенде аялдар менен Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу жолугушту. Аялдар Акыйкатчынын көңүлүн 16-майда Бишкекте милиция кызматкерлери тарабынан жасалган укук бузууларга бурушту. Дилбар Момункулова, маселен:

- Эч кандай тартип бузуучулук болгон эмес. «Силер кимсиңер, кайда баратасыңар? Биз силерди өткөрө албайбыз» деген эскертүү деле болбоду. Автобус келип токтоду. Карасам ичи толо милиция экен, - деп түшүндүрдү 16-майдагы милициялар менен талаш-тартышка байланыштуу жагдайды.

Ал эми Сагынбаева Айнек:

- Мындай кармаганда кошо кармап койсоң эле «үзүп алды, жулуп алды» деп бизди сотко беришет. Биз эмнеге бере албайбыз? Укугубуз жокпу? – деген суроо койду.

Рыскулова Бурулкан аттуу аял өзүнүн ызасын ый аралаш минтип чыгарды:

- Өзүңдүн балаңдай балдардан таяк жеп, кыздарыбыздын көзү көгөрүп, кемпирлерибизди ыргытып, бул эмне деген жакшылык?

Турсунбай Бакир уулу жолугушууда аялдардын укуктарын коргош үчүн колунан келишинче аракет кылууга убада берди.
- Азыр кызматкерлерим прокуратурага менин атыман ушул маселе боюнча ички иштер кызматкерлери менен сүйлөшүп, «эмне үчүн мыйзам бузулду, эмне үчүн укугуңар бузулду» деп, изилдөө жүргүзсүн деп кат жөнөтүп атат, - деди Турсунбай Бакир уулу.

Аялдар Аксы окуясына жана акыркы жагдайга байланыштуу президентке, Акыйкатчыга, Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмуна жолдогон кайрылуусунун бир көчүрмөсүн 20-майда Турсунбай Бакир уулуна тапшырышты. Кайрылуунун экинчи көчүрмөсүн ачкачылык жарыялаган аялдар президент Аскар Акаевдин жеке өзүнө берүүнү чечишти. Мындай чечимди аялдардын өкүлдөрү Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулунун ортомчулугу менен Өкмөт Үйүнүн жанында өткөн кыска мөөнөттүү жолугушуу учурунда билдиришти.

-Биз жөнөкөй аялдарбыз. Эч нерсе кылбайбыз. Арыз-муңубузду, көз жашыбызды, ички дартыбызды Аскар Акаевдин алдына кирип, өзүбүз айтып кетебиз деген тилек менен чыкканбыз. Сиздин келгениңизге чоң рахмат. Биз Ысыккөлдөн келеби, башка жактан келеби, күтөбүз. Күтүп деле келатпайбызбы, бир жылдан ашык мезгилден бери, - деди «Энелер кыймылынын» башчысы Дилбар Момункулова.

Ал мындай пикирин «президент жакын арада аларды кабыл алууга чамасы жетпестиги» тууралуу М. Ашыркуловдун билдирүүсүнөн улам айтты.

Бирок, кечке жуук Бишкекте ачкачылык акциясы менен отурган аялдардын беш өкүлү менен Коопсуздук кеңешинин катчысы Мисир Ашыркулов, президенттик администрациянын коопсуздук жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Болот Жанузаков, биринчи вице-премьер-министр Курманбек Осмонов Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулунун катышуусунда жолугушту. Жолугушуунун жыйынтыгында аялдар президентке кайрылууну М. Ашыркуловго тапшырышып, анын жообун алып берүү убадасын алышты. Өз кезегинде бийлик өкүлдөрү аялдардан өз акциясын токтотууну сунушташты. Бул тууралуу жолугушууга катышкан өкүлдөрдүн бири Бурулкан Рыскулова билдирди.

Ушул эле күнү аксылык аялдарга ачкачылык акциясын токтотуу суранычы менен укук коргоочу Турсунбек Акун баш болгон бир катар коомдук уюмдар кайрылышты. Алардын атынан укук коргоочу аялдарга минтип кайрылды:

- Бүт уюмдар кайрылып атабыз. Мурда «ачкачылык карма» деп жүргөн учурлар болгон. Азыр эми токтоткула. Балдарыңар өлдү. Эми өлгөндүн үстүнөн көмгөн кылып силерди эч ким карабаса, мындай болбойт. Силерге ден соолук керек.

Мындай сураныч ачкачылык жарыялаган аялдар тарабынан колдоо тапкан жок. Бул күнү кыргыз өкмөтүндө Кыргызстандагы өзгөчө жагдайларга байланыштуу премьер-министр Николай Танаевдин жетекчилигинде жыйын өттү. Бирок, аксылык аялдар менен Бишкектеги тартип коргоо кызматкерлеринин ортосундагы жагдайларга байланыштуу маселе талкууланган жок. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат менен камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Надыр Момунов кабарлады.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG