Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:23

ЧЫГЫШ ТИМОР: КӨЗ КАРАНДЫСЫЗДЫК МЕНЕН БИРГЕ ЖАКЫРЧЫЛЫК


20-майда Чыгыш Тимор көз карандысыздыкка жеткенинин бир жылдыгын белгиледи. Бирок өлкө калкы азырынча саясий мүдөөсү орундалганына гана канааттана алат. Чыгыш тиморлуктардын басымдуу бөлүгү жакырчылык менен жокчулуктун чеңгээлинде жашоодо.

Эгер тарыхка кайрылсак, Чыгыш Тимор 300 жылдай Португалиянын колониясы болгон. Ал эми 1975–жылы Индонезия оккупациялап алгандан кийин 24 жыл бою Жакартанын көзөмөлү астында жашады. Чыгыш Тимордун Индонезиядан көз карандысыздык алуу үчүн күрөшү кан төгүүлөр менен коштолду. Маалыматтарга караганда, чейрек кылым ичинде миңдеген адамдар Индонезия армиясынын курмандыгы болду, дагы 300 миңдей адамга качкын катары жер которууга туура келди. 1999-жылы Улуттар Уюму тарабынан Чыгыш Тимордо көз карандысыздык боюнча референдум өткөрүлгөн эле. Андан соң эки жылдан ашуун убакыт Индонезиянын мурдагы провинциясы БУУнун башкаруусу алдында турду. Былтыр 20–майда гана 1999-жылкы референдумдун жыйынтыктары расмий түрдө таанылгандан кийин Чыгыш Тимор көз карандысыз мамлекет деп жарыяланган. Ал эми сентябрь айында БУУнун 192- мүчөсү болду.

Анткен менен Чыгыш тиморлуктар азырынча узактан берки саясий мүдөөсү орундалганына гана канааттана алат. Өлкөнүн 800 миңдей калкынын басымдуу бөлүгү күндүмдүк жашоосун жакырчылык менен жокчулуктун чеңгээлинде өткөрүүдө. Эл аралык гуманитардык уюмдардын эсебинде, Чыгыш тиморлуктардын 40%ы турмуш- тиричиликте биринчи кезекте талап кылынган нерселер менен да камсыз болгон эмес, 60%ы билимсиз. Башкалаа Дили шаарынын чет жакасында жашагандардын 75%нын үйлөрүндө электр жарыгы жок,дагы 60%ы таза суу менен камсыздалбаган. Ар бир беш адамдын экөөсү күнүнө жарым долларга гана өмүр сүрөт. Дүйнөлүк Банктын болжолунда, Чыгыш Тимордо быйыл деле экономикалык өсүш болбойт, жумушсуздуктун деңгээли 80%га жетиши мүмкүн. Өлкө президенти Шанана Гужмау көз карандысыздыктын бир жылдык мааракесине байланыштуу калкка жасаган кайрылуусунда жаш мамлекет туш болгон кыйынчылыктар арбын экенин моюнга алды. Маселен президенттин айтымында, өлкөдөгү жаштардын массалык жумушсуздугу бүгүн–эртең эле жоюлат деп ырасташ мүмкүн эмес. Тийиштүү мыйзамдар менен инфраструктуранын жоктугунан улам инвесторлор Чыгыш Тимордон жаа бою качып жатат.

Президент ошондой эле өз сөзүндө парламентти жигердүү иштеп, аткаруу бийлигин камчылап турууга, калкты чет элдик жардамдарга ишенбей өз турмушун өздөрү оңдоосуна чакырды. Өлкөдө саясий жараяндар Конститутциянын чегинде жүрүп, Чыгыш Тимор демократиялык коом куруунун үстүндө иштеш керектигине токтолду. Себеби былтыр декабрь айындагы тополоңдо өкмөтү кулатуу аракети жасалып, полицияга демонстранттарды көздөй ок атууга туура келген эле. Айрым чет элдик эксперттердин пикиринде, Чыгыш Тиморго инвесторлор коопсуздук жүйөөсүнөн улам да келбей жатат. Азыр бул жерде Улуттар Уюмунун аскерлери турат. Мурда жетишилген макулдашууга ылайык, алар өлкөдөн 2004-жылдын орто ченинде чыгарылышы керек.

Айтор, көйгөйлөр арбын экенине карабай президент Шанана Гужмау өлкө туура жолдо бара жатканына ишенет. Ал белгилегендей, калк көз карандысыз мамлекетти куруудагы кыйынчылыктарды туура кабыл алып ,чыдамкайлуулугун көргөзүүсү абзел
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG