Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:20

ДАРЫ-ДАРМЕКТЕРГЕ КОШУМЧА НАРК САЛЫГЫНЫН ЖОЮЛУШУ ЭМНЕГЕ АЛЫП КЕЛДИ?


Чолпон Орозобекова, Бишкек Үстүбүздөгү жылдын 10-январында «Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» мыйзамга кол коюп, мамлекет башчысы дары-дармектерге кошумча нарк салыгын таптакыр алып таштаган. Андан берки 4 ай ичинде мамлекеттик казына ушундан улам белгилүү өлчөмдөгү каражаттан куржалак калды. Өкмөт болсо «бул мыйзам турмушка кирээри менен дарылар 20% арзандайт» деп ишендирген эле. Фармацевттер ассоциациясы дарыканалардагы баалардын олку-солку болуп атканын убактылуу көрүнүш катары баалап жатат.

Дары-дармектерге кошумча нарк салыгы алынып салыганына 4 айдын жүзү болду. 19-майда вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев чет мамлекеттерден дары-дармек ташыган ишкерлер менен жолугуп, салык азайгандан кийин эми көмүскө экономиканын көшөгөсүнө жашынбай ачык-айкын иштөөнү өтүндү. Фармацевттер ассоциациясынын жетекчиси Космосбек Чолпонбаевдин айтымында, бул кадам дары-дармектердин баасын төмөндөттү.

- Кыргызстанда дарылардын 2 миңден ашык түрү бар, - дейт ал. - Баары ордуна келиши үчүн убакыт керек. Бирок, баалар салыштырмалуу кыйла төмөндөп калды. Мурда сатылып алынган корлордогу дарылар түгөнгөндөн кийин гана баалар бир кылка төмөндөйт.

Дарыканаларда азыр баалар өйдө-төмөн болуп аткан кез. Айрым ишканалар мыйзам гезитке жарыяланары менен дароо дарыларды 20% арзандатса, кай бир фирмалар мурдараак алынып, складда үйүлүп жаткан дарылары түгөнмөйүн баа мурдагы калыбында сакталаарын билдиришүүдө. «Неман-Фарм» жоопкерчилиги чектелген коомунун директорунун орун басары Күннур Алиеванын айтымында, чет өлкөлүк фармацевттик ишканалар менен ортомчуларсыз байланышып түз алып келгендер дароо бааны түшүрүшү керек. Анткени, мындан 3 жыл мурда эле чыккан өкмөттүн № 135-токтомуна ылайык ага тиркелген тизмедеги дарыларга кошумча нарк салыгы керектөөчүлөргө сатылгандан кийин гана төлөнөт. Ал тизмеде турмушта калк көп пайдаланган дарылар камтылгандан кийин, көпчүлүк дары-дармектердин баасы эчак эле төмөндөшү керек болчу деп айтууга негиз бар.

Дүйнөлүк Банктын Борбордук Азия боюнча директору Денис де Трей өз докладында Борбордук Азиядагы беш мамлекеттин ичинен Кыргызстан экономикалык жактан эң артта калганын айтты. Мамказынага салык төлөбөй жашынып жүргөн ишканалар жана бизнесмендер кыргыз экономикасынын убалына калып атканын Жоомарт Оторбаев да белгиледи.

- Кошумча нарк салыгынын дары-дармектерден алынып салынышы дал ошол көмүскө экономиканын тамырын кыркууну көздөйт, - дейт вице- премьер-министр. - Биз көмүскө экономиканы азайтып, ишканаларды ачык иштетүүгө далалат кылуудабыз. Дары-дармектерден кошумча нарк салыгын ошон себептүү алып таштадык. Мурда дал ушул салыктан качып дарыларды жашырып ташышчу. Эми ортомчуларсыз түз алып келе башташат. Ошондо дары-дармектин сапаты да мыкты болот. Бара-бара импортерлор өз өкүлчүлүктөрүн азайтат. Кийин завод курушу ыктымал. Ошондуктан биз чет элдик өнөр жайына каалгабызды ачышыбыз керек.

Кошумча нарк салыгы жоюлгандан бери мамлекеттик казына уттурууда. Мисалы, дары-дармектерден ушул 4 ай ичинде бюджетке 2,5-3 миллион сом түшкөн жок. Финансы министринин орун басары Мурат Исмаилов «казынага түшпөй калган каражаттын орду толукталат» деп ишендирди. Анын айтымында, кошумча нарк салыгынан дары-дармектер аркылуу жылыга 60-70 миллион сом каражат киреше түшчү. Эми бул каражаттын ордун чекене соодага, жолго жана чукул кырдаалдарга төлөнчү салыктардын жардамы менен толуктоого аракет көрүлүүдө.

Буга чейин кыргыз өкмөтү моюнга алгандай, дары-дармектердин 90% чет мамлекеттерден аткезчилик жол менен алынып келинчү. Бажы инспекциясынын башчысынын орун басары Айдаркул Дүйшөбаев кошумча нарк салыгы жоюлаары менен жашырылбай мыйзамдуу түрдө алынып келинген дарылардын саны өскөнүн ырастады.

- Кошумча нарктын жоюлушу дары-дармектердин аткезчилигин бир кыйла азайтты. Мисалы, ушул 4 айдын ичинде мыйзамдуу жол менен келген дарылардын өлчөмү 30% көбөйдү, - дейт Айдаркул Дүйшөбаев.

Кыргыз өкмөтү фармацевттер менен бирдикте бул тармакка патент киргизүү жагын караштырып жаткан. Өлкөдө 1700 дарыкана болсо, патент алыш үчүн мамказынага ар бири айына 5 миң сомдон төлөй баштамак. Финансы министрлигинин эсеби боюнча, патенттен мамказынага жылыга 40-50 миллион сом киреше түшмөк. Бирок, вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин билдиргенине караганда, Эл аралык Валюта Фонду дары саткандарга патент карматууга каршы болду. Учурда дары-дармек ташып, сатып күн көргөн ишканалар мамлекеттик казынага чекене соода салыгын төлөп жатышат.
XS
SM
MD
LG