Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:51

Америкалык аскерлердин көбү Румыниядан чыгарылат


Кошмо Штаттары Ирак согушунда Румыниянын аба мейкиндигин пайдаланган 1 миң чакты асмерикалык аскер кызматкерин чыгарып кетээрин жарыялады.
Аба күчтөрүнүн маалымат катчысы сержант Жеймс Фишердин сөзү боюнча, аскерлер Германия, Италия, Британиядагы жана АКШдагы базаларга кайтып кетишет. Ошол эле убакта Кара деңиздин боюндагы Констанда портунда 150 чакты америкалык аскер калтырылат. Чыгаруу качан башталаары кабарланган жок. АКШнын коргонуу министринин орун басары Пол Уольфовец апта соңунда АКШ Румынияда туруктуу аскер кармоо маселесинде бир чечимге келе электигин билдирген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG