Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:15

Иракка каршы санкцияларды күчүнөн кетирүүчү резолюция боюнча добуш берүү эртеңкиге калтырылды


Бүгүн Бириккен улуттар уюумунун Коопсуздук кеңешинде жабык эшик артында жыйын өтүп, 1991-жылы киргизилген экономикалык санкцияларды күчүнөн кетирүүнүн жолдору каралды. Бул боюнча Кошмо Штаттары дүйшөмбү күнү кайра сунуш эткен резолюциянын долбоору бүгүн колго салынмак. Бирок АКШнын БУУдагы элчиси Жонн Негропонте добуш берүү эртеңкиге калтырылганын билдирди.
Долбоордо эл аралык коомчулук тааныган өкмөт бийликке келгенге чейин, Иракты башкарууда жана өлкөнү калыбына келтирүү үчүн анын мунайын сатууда АКШга жана Британияга кеңири бийлик ыйгарымдарын берүү каралган.

XS
SM
MD
LG