Укук коргоочу Хьюман Райтс Уотч уюумунун билдиришинче, айыпкер Ариф Эшоновдун кыйноонун издери калган сөөгүн полиция урук-туугандарына кайтарып берди. Ташкенде өткөн пресс-конференцияда уюмдун өкүлү Матилда Богнер Өзбекстанда айыпкер кыйноодон көз жумганы үстүбүздөгү жылы биринчи жолу ырасталып жаткандыгын маалымдады.