Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:06

Жорж Буш Израил жана палестина лидерлери менен сүйлөштү


АКШнын президенти кечээ Палестинанын премьер-министри Махмуд Абаска жана Израилдин өкмөт башчысы Ариэл Шаронго телефон чалып, "Жакынкы Чыгыш боюнча жаңы тынчтык планын Кошмо Штаттары колдойт" деп ишендирди.
Ак Үйдүн маалымат катчысы Ари Флайшердин сөзү боюнча:

- Президент Шаронго Махмуд Абас тынчтыкты колдогон реформачы экендигин айтты. Президент ошондой эле "АКШ Израилдин коопсуздугун кепилдөөдөн тайбайт" деп билдирди. Шарон президент Бушка эр жүрөктүүлүгү жана көсөмдүгү үчүн рахматын айтты.

Палестиналык өкүлдөрдүн билдиришинче, Махмуд Абас Израилди жаңы тынчтык планын кабыл алып, жөөт айылдарын курууну жана палестиналык аймактарга кол салууну токтотууга чакырды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG