Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:22

ЕВРОНУН КУБАТЫ ӨССӨ, ДОЛЛАР АЛДАН ТАЙДЫ


Дүйнөнүн экономикасы кубаттуу өлкөлөрүнүн биринчи кварталдагы өсүүсү жөнүндө жарыяланган маалыматтар, Евросоюзга мүчө өлкөлөрдө жылдын алгачкы үч айында өсүү токтогонун, ал эмес айрым өлкөлөрдүн абалы өткөн жылга салыштырмалуу начарлап кеткенин көрсөттү. Мындай шартта АКШ долларынын куну качып, жалпы европалык евроакчанын кубатынын өсүүсү эмнеге байланыштуу?

Жалпы европалык акча – евро АКШнын дүйнөдөгү кубатынын символу эсептелген доллар менен теңме тең таймашуучу валютага айланды.
Евро 1999-жылдын январь айында адеп колдонууга киргизилгенден кийин жоготкон кубатын кайра калыбына келтирди. Азыр 1 евронун куну орточо алганда 1 доллар 15 центке барабар. Бул евро алгач соодага чыккандан 3 центке арзан.
Натыйжада, “The New York Times” гезити жазгандай, евро инвесторлор менен өкмөттөр үчүн ишенимдүү акчага айланып, Азиянын кээ бир өлкөлөрү мамлекеттик баалуу кагаздардын наркын евро менен баалап чыгара баштады.

Эксперттердин айтымында, Кошмо Штаттарынын бюджетинде тартыштык өсүп жаткан шартта, евродо 4 жылдан ашык убакыттан кийин жеткен ордун долларга бербей сактап калуу мүмкүндүгү бар.
Бирок, дүйнөнүн экономикасы өнүккөн өлкөлөрүнүн 2003-жылдын 1-чи кварталдагы өсүшү жөнүндөгү маалымат Европа монетардык союзуна мүчө 12 өлкөдө, анын ичинде Европанын локомотиви саналган Германия менен Францияда, ошондой эле Японияда өндүрүш өспөй кыскара баштаганын же рецессиялык абалга түшкөнүн тастыктайт.
Алсак, Германияда соңку үч айда ички дүң продукция 0,2 процентке, Францияда 0,3 процентке араң өскөн же өтө кооптуу саналган “кызыл тилкеге” кирген.
Ушундан улам Германия үстүбүздөгү жылда Евросоюз талап кылган экономикалык критерийлерди аткара албасын өлкөнүн финансы министри Айхель азыртан эскертти.
Германияга шериктештиктин ички дүң продукциясынын үчтөн бири туура келгенин айтсак, Евросоюздун абалы кандай экени айкын болот.

Долларды шашыла сатуунун жаңы толкуну ишемби күнү АКШнын финансы министри Жон Сноу экономикасы мыкты өнүккөн “Чоң жетинин” кездешүүсүнөн кийин “ырас, валюталардын (алмашуу) курсуна бир аз (коррекция) түзөтүү киргизилди” деген сөзү түрткү болду.
Бул сөздү уккан валюта соодагерлери доллар дагы арзандашы мүмкүн дешип, долларды шашыла сата баштады.
Өткөн жылы доллар еврого салыштырмалуу орточо 25 процентке арзандаган. Өткөн майда 1 евро 92 центке барбар болчу.

АКШнын финансы министринин сөзү, Ак Үй администрациясы доллардын арзандаганына тынчсызданбастан, тескерисинче, колдойт деген сыяктуу имиш-имиш кепти да жаратты.
АКШ көпчүлүк европалык компаниялар үчүн негизги рынок эсептелгендиктен, евромейкиндикке кирген өлкөлөрдүн ишканалары евронун кубатынын өсүшүнө өз товарларынын базардагы өтүмдүүлүгүнө жараша мамиле кылышат.
Анткени евронун кубаты өссө, алардын товарлары кымбаттап, өтүмдүүлүгү начарлайт. Киреше да азаят.
Ошондон улам, Лондондук экономист Роберт Линд дүйнөлүк экономиканын өсүшү жайлап калган кезде евронун күчтөнө баштоосу опурталдуу деп эсептейт. Анткени, жай ортосуна барып, Батыш Европада рецессия кеңири жайылышы ыктымал деп шекшийт Линд.

Акыркы жылдары доллардын еврого жана япон иенине салыштырмалуу кымбат болушу, “Чоң жетиге” мүчө АКШнын экономикалык өнөктөштөрүнө өз товарларын Түндүк Америкага кенен экспорттоого мүмкүндүк берген. Евро менен иендин кымбатташы менен алардын соодадагы артыкчылыгы жоголот. Бул жагдай Европа монетардык союузу менен Японияны экономикада олуттуу реформа жүргүзүүгө мажбурлайт деп боолгошот айрым эксперттер. Алардын айтымында, процесс акыр соңунда, дүйнөлүк экономиканы жандандырат жана АКШнын экономикалык өсүүсүнө да ыңгайлуу шарт түзөт.

Америкалык экономист Михаил Бернштам Батыш Европанын экономикасы азыркыдай илең-салаң абалда турганда, күчтүү евро-Кошмо Штаттарынын экономикасы ылдам өсүүдө дегенди билдирет дейт.
Себеби, АКШда экономикалык өсүүсү Батыш Европага караганда жогору болгондуктан, европалык товарларды импорттоо өсөт. Экспорттун өсүүсү еврону кубаттандырат да, доллар арзандайт.
XS
SM
MD
LG