Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:47

Каракулжа районунда дагы бир жер көчкү катталды


ОШ. Бул жолу жер көчкү райондун Буйгак кыштагына караштуу Тууракамыш участогунда жүргөн. Ал жерде көчкү түшөөрү алдын-ала аныкталып, үйлөрдүн тургундары шашылыш түрдө көчүрүлгөн. Көчкү ошол көчүрүлүп кеткен үч үйдү басып калды, бактыга жараша, эч кандай чыгаша болгон жок. Бирок Тууракамыш участогуна кеткен жол кошо бузулуп, ал тарапка каттаганга мүмкүн болбой калды.

Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бүбүкан Досалиева жана Айданбек Акмат уулу

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG