Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:07

Бишкекке Түркиянын аскердик делегациясы келди


БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстанга Түркиянын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын коргонууну пландоо жана ресурстарды башкаруу департаментинин башчысы, генерал-майор Жахангир Думанлы баштаган аскердик делегациясы келди. Түрк аскер делегациясы ушул эле күнү Кыргызстандын Коргоо министрлигинин жетекчилиги менен жолугушуп, аскердик кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Анын жыйынтыгында Эсен Топоев жана Жахангир Думанлы макулдашууга кол коюшту. Ага ылайык Түркия Кыргызстанга аскердик жардам көрсөтөт. Ал кандай жардам болоору маалымат жыйынында айтылган жок. Түрк генералынын иш сапары эртең соңуна чыгат.

XS
SM
MD
LG