Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:26

Өкмөт жакырчылыкка каршы күрөш боюнча атайын токтом кабыл алды


БИШКЕК. Жакырчылыкты азайтуу максатында социалдык мобилизациялоо иштерин жүргүзүш үчүн өкмөт бүгүн атайын токтом кабыл алды. Бул тууралуу премьер-министр Николай Танаев Өкмөт Үйүндө өткөрүлгөн маалымат жыйынында билдирди. Анда айтылгандарга караганда, өлкөдө 500 миң үй-бүлө, же калктын 44% жакырчылыктын төмөнкү чегинде жашайт. Өкмөт жакырчылыкты жыл сайын 5% азайтуу милдетин алууда. Ал милдетти аткаруу максатында быйыл 50 миң жакыр үй-бүлөгө жардам көрсөтүлөт. Бул үчүн өлкөдөгү 465 айыл өкмөттөрүнүн, райондордун, облустардын деңгээлиндеги топтор, ал эми борбордук бийликте вице-премьер-министрлер жетектеген 4 топ түзүлүп, жакырларга жардам берүүнүн аракетин көрүшөт. Социалдык мобилизациялоонун алкагында Дүйнөлүк жана Азия Өнүктүрүү банктарынын каражаттарынын эсебинен бир катар айылдарда суу түтүктөрү оңдолмокчу.

XS
SM
MD
LG