Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:14

Адам укугун коргоо боюнча кыргыз комитети билдирүү таратты


БИШКЕК. Адам укугун коргоо боюнча кыргыз комитетинин төрагасы Рамазан Дырылдаев жана Адам укуктары боюнча эл аралык Хельсинки федерациясынын башчысы Аарон Родес кечээ Австриянын борбору Вена шаарындагы Кыргызстандагы адам укуктарынын абалы тууралуу брифинг өткөрүштү.
Эл аралык Хельсинки федерациясынын кеңсесинде өткөн брифинде Р.Дырылдаев менен А.Родригес журналисттердин суроолоруна жооп беришти жана Адам укугун коргоо боюнча кыргыз комитетинин билдирүүсүн таратышты. Анда Кыргызстандагы адам укуктарынын сакталышы начар абалда экендиги белгиленген. Буга Аксы окуясы боюнча айыпталгандардын толук акталышы, акыйкат издеп Бишкекке келген аксылык аялдардын милиция кызматкерлери тарабынан кармалышы жана башка фактылар мисал тартылган. Билдирүү ЕККУга мүчө болгон 55 мамлекеттин делегацияларына тапшырылган.

XS
SM
MD
LG