Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:24

ЖАҢЫ ШАЙЛООГО – ЖАҢЫЛАНГАН КОДЕКС


Кыргызстандын Конституциясынан кийинки жаңылануу кезеги Шайлоо кодексине жетти шекилдүү. Жаз алды “Интербилим” борбору баш болгон бир топ бейөкмөт уюмдар, саясий партиялар, парламент депутаттары Шайлоо кодексин жаңылоо ишин башташкан. Анын алгачкы жыйынтыктары 21-майда бейөкмөт уюмдардын, саясий партиялардын, массалык маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, парламент мүчөлөрү катышкан “тегерек үстөл” жыйынында чыгарылды.

Конституциянын жаңы редакциясына ылайыктап Шайлоо кодексин жаңылап чыгуу аракетине бейөкмөт уюмдар менен саясий партиялар гана киришкен жери жок. Борбордук шайлоо комиссиясы менен кошо азыр президенттик администрация да Шайлоо кодексин жаңылоо аракетинде. Алардын кайсынысы парламенттин жактыруусуна ээ болоору азырынча белгисиз. Айтор эки варианттын бирөө же экөөнү бириктирип ортодон жаңы вариант жактырылып калышы толук ыктымал. 1999-жылдын 29-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабылданган Шайлоо кодексинин негизинде президенттик, парламенттик, жергиликтүү кеңештерге шайлоолор өттү. Парламенттик шайлоонун соңку тажрыйбасы ырастагандай, кодекстин айрым талаптары көпчүлүктүн каалоо-тилегине кайчы чыкты. Шайлоочулардын арбын добушуна ээ болгон талапкерлердин кыйласы соттордун колу менен таймаштан четтетилип, аз добуш топтогондор депутаттык мандатка ээ болуп чыга келишти. Конституциянын жаңы редакциясына ылайык парламент депутаттыгына талапкерлерди саясий партиялар көрсөтө алышат. Шайлоо бир убакта өткөрүлөт. Мындай талаптын коюлушу алдын-ала добуш берүү учурундагы көз боемочулуктарды жоет. Шайлоо кодексин жаңылоо аракетин көрүп аткан бейөкмөт уюмдардын жана саясий партиялардын «тегерек үстөл» жыйынына катышып отурган Кыргызстан юристтер ассоциациясынын төрагасы Шамарал Майчиевдин пикиринде, жаңыланып жаткан Шайлоо кодексинин адегенде эле баамга урунган өзгөчөлүгү - талапкерлерди көрсөтүү, арыздардын сотто каралышы жагынан кыйла айырмалуулугу. «Менин оюмча, жаңы Шайлоо кодекси эл аралык стандарттарга, демократиялык коомдун талаптарына жооп берет», - дейт ал.

Шамарал Майчиевдин айтымында, шайлоо учурундагы талаш-тартыштар сотто Жарандык-процессуалдык кодекстин чегинде каралат. Ошондон улам шайлоо өткөрүүнүн жол-жобосун аныктаган мыйзам Жарандык-процессуалдык кодекске шайкеш келиши керек. «Интербилим» борборунун жетекчиси Асия Сасыкбаева «Шайлоо кодекси Конституцияга ылайык жаңыланышы керек» деген пикирде.

- Мурдагы кодекс эскирип калды, Конституция жаңыланды, - дейт Асия Сасыкбаева. - Шайлоо учурунда көп эле туура эмес нерселер болуп атканын көрүп атабыз. Бүгүнкү күнү Шайлоо кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү абдан керек. Ошол максатта жумушчу топ түзүп, марттан бери иштеп атабыз. Бүгүнкү «тегерек үстөлдүн» жыйынтыгын талкуулап, эмнелерди киргизүү керектигин дагы бир жолу тактап туруп, анан сунуш кылабыз.

Парламент депутаты Марат Султанов шайлоо ишине соттордун кийлигишүүсүн чектөө зарыл деп эсептейт.

- «Сот менен шайлоо комиссиялары күчүн шайлоого чейин көрсөтүшсүн», деп айтып жатышат. «Шайлоодон кийин сот тарабынан талапкерлер алынбасын» дегенди биз мыйзам түрүндө бекитип коюшубуз керек, - дейт Марат Султанов. Анын айтымында, кодекстин жаңыланган тексти парламенттик каникулга чейин сунушталышы ыктымал.

«Арнамыс» партиясынын штаб башчысы Эмил Алиевдин айтымында, жаңы кодекс боюнча бир адамдын эки-үч жолу добуш беришине жол берилбейт.

- Бир адамдын эки-үч жолу добуш беришин кантип токтотсо болот? Участкалык комиссиялардын ишинде мыйзам бузууларга жол бербеш керек. Эл кимди шайласа өзү билсин, алардын чыныгы оюн ишке ашырууга шарт түзүп бериш керек. Биздин аракет ошого багытталган, - дейт Эмил Алиев.

Шайлоо кодексин жаңылоого бейөкмөт уюмдар өзгөчө ынтызар. Кыргызстан юристтер ассоциациясынын төрагасы Шамарал Майчиев белгилегендей, шайлоо сайын саясий оюнчулардын «оюн эрежеси» өзгөрүлүп турат. Алардын артында шайлоочулардын каалоо-тилеги турганы ошондон көбүнесе унутулуп калууда.

XS
SM
MD
LG