Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:19

КЫРГЫЗСТАНДА КИШИ САТЫККА КАРШЫ МЫЙЗАМ КҮЧӨТҮЛӨТ


Миграция боюнча эл аралык уюмдун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн маалыматына караганда, Кыргызстанда адамдарды чек арадан мыйзамсыз алып өтүү жана сатуу бизнесинин арааны ачылып, андан жапа чеккендерин саны күн сайын өсүүдө. Мыйзамдардагы кемчилик жана жапа чеккендерди укуктук жактан коргоонун бошоңдугу эл аралык уюшкан кылмыш топторуна ыңгайлуу шарт түзүп келет.

Кыргызстан үчүн адамдарды чек арадан мыйзамсыз алып өтүп, саткандарды жазалоодогу башкы тоскоолдук - укуктук базанын жеткире иштелип чыгып, түзүлбөгөндүгүндө. Алсак, Кылмыш кодексинде киши сатык боюнча атайын берене жок. «Туризм жөнүндө», «Реклама жөнүндө» мыйзамдарда жана Административдик жоопкерчилик жөнүндөгү кодексте кылмыш топторунун жолун торой турган беренелер каралган эмес. Ушуга окшогон мыйзамдык кенемтелерди толтуруу максатында «Кыргыз Республикасынын кээ бир мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» мыйзамдын долбоору иштелип чыкты. Миграция боюнча эл аралык уюмдун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн киши сатыкты токтотуу программасынын жетекчиси Дамира Сманалиеванын айтымында, мыйзам долбоору өкмөттө жактырылгандан кийин депутаттардын сынына коюлат.

20-майда Бишкектеги «Пинара» мейманканасында өткөн семинарда Миграция боюнча эл аралык уюмдун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн, Адамдарды чек арадан мыйзамсыз алып өтүүгө жана сатууга каршы күрөш боюнча президентке караштуу улуттук кеңештин жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү бул мыйзам долбооруна өз алымча-кошумчаларын айтышты. Семинардын жүрүшүндө адамдарды чек арадан мыйзамсыз алып өтүүгө жана сатууга каршы атайын мыйзамдын долбоору да даярдалып жатканы маалым болду. Адистер «кылмышкерлердин жазасын күчөтүп, 10-15-жылга чейин эркинен ажыратыш керек» деген сунуштарын айтышууда. Дамира Сманалиеванын пикири боюнча, мындай бүтүмгө адистер тегин жеринен келип жаткан жок. Анткени, зордук-зомбулуктан эне сүтү оозунан кетелек кыздар жапа чегишүүдө.

- Бул бизнестин карөзгөйлүгү ушул - кээ бир адамдар ушундай жалган, таптакыр эле туура эмес түшүнүктө экен – жаш кыздарды сексуалдык эксплуатацияга колдонсо андан СПИД жукпайт дешет. Бул туура эмес. Бул бизнес – дүйнө жүзү боюнча коркунучтуу түр күтүп, курал-жаракты жана баңгизаттарды сатуудан кийинки орунда эле турат, - дейт Дамира Сманалиева.

- Кыргызстанда киши сатыктын курмандыгы болгондорду укуктук жактан коргоп, калкалап калуунун айласы да табыла элек. Ошондон улам жабыркагандар өз жанын тобокелге салып, сотко арыз жазуудан коркушат, - дейт «Аялдарга жардам борбору» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Роза Айтматова. - Жапа чеккен кыздар күч органдарына арыз жазып, кайрылыш үчүн ага себеп, кызыгуу болуш керек. Бирок андай болбой жатат. Анткени кыздарды далдалчы-азгырыктар коркутуп, жүрөгүнүн үшүн алып коюшкан. Кулчулукка кетип жаткандардын арасында эркектер да, жаш балдар да бар. Бирок алардын ичинен көпчүлүгү – секс-бизнестин курмандыгы болгон кыз-келиндер.

Роза Айтматованын айтымында, Кыргызстандын паспортун сатып алып, ага каалаган өзгөртүүлөрдү киргизиш оңой. Андыктан Орусиянын, Казакстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын жарандары, көп учурда кыз-келиндери, Кыргызстандын паспорту аркылуу Араб Эмираттары, Корея, Германия сыяктуу мамлекеттерге кетишет.

Айтмакчы, Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаментинин отчетуна караганда, киши сатуунун көрсөткүчү боюнча Кыргызстан алдыңкы орундарда турат. Эгерде кыргыз өкмөтү абалды оңдобосо, тыштан келүүчү финансылык жардамдарды токтотуп коюуга чейин баруу жолдору каралган.

Эл аралык топтор далдалчы катары Бишкекте ачылган фирмаларды эле пайдаланышат. Массалык маалымат каражаттарындагы «Интернет аркылуу үйлөнүү», «Чет өлкөдө бийчи, бала багуучу болуп иштөөчүлөр керек» деген сыяктуу жарнамаларды жарыялап жаткан фирмалар ачык эле иштешет. Алардын айрымдары Тышкы иштер министрлигинин Миграция боюнча департаментинен каттоодон өтүп, мыйзамдашып алышкан. Бирок кыргызстандык кыз-келиндердин андан аркы чет өлкөдөгү тагдырына мамлекеттик органдардын кызматкерлери кызыгып, көзөмөлгө алууга милдеттүү эмес. Фирмалар көп учурда чет өлкөгө чоң акча убада кылып алып барган кыз-келиндердин алгач паспортторун тартып алышат. Мындан кийин жол киреси, ичкен тамагы, жаткан жери үчүн деп кыз-келиндерге салык салышат. Аргасы түгөнгөн кыздар андан кийин сексуалдык зордук-зомбулукка кабылышат.

Бишкектин тургуну, өзүн Мээри деп тааныштырган маектешибиз «кыргызстандык кыз-келиндердин чет өлкөгө бакыт издеп кетишине турмуштун оордугу себеп болууда» дейт. Анын айтымында, коңшусу Марина кара жанын багыш үчүн эле Араб Эмираттарына баса берген.

- Анын ата-энеси арактан көзү ачылчу эмес, көп ичишчү. 9-классты бүткөндөн кийин «бийлеп келем» деп Эмираттарга кетип калган. 5 ай өттү – дайын-дареги белгисиз. Ал чоң акча убада кылгандарды ээрчип, акчага кызыгып эле кетип калды, - дейт Мээри.

Миграция боюнча эл аралык уюмдун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн кызматкери Анара Форрестердин айтымында, кылмыштуу топтор Бириккен Араб Эмираттарында бир жылда 4 кыздын кызмат көрсөтүүсүнөн эле 200 миң долларга чейин пайда табышат. Миграция боюнча эл аралык уюмдун 1999-жылдагы эсеби боюнча, Кыргызстандан бир жылда орто эсеп менен 4000дей кыз-келиндер киши сатуунун курмандыгы болушат. Дамира Сманалиеванын сөзүнө караганда, бул көрсөткүч барган сайын өсүүдө.
XS
SM
MD
LG