Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:45

“Аль-Каиданын” 2-адамы дүйнө мусулмандарын Батышка каршы күрөшүүгө чакырды


Катар мамлекетинде жайгашкан "Аль-Жазира" сыналгысы 21-майда "Аль-Каида" уюмунун жетекчилеринин бири Айман Аль-Завахиринин жазылып алынган үнүн угузду. Завахири дүйнө мусулмандарына кайрылып, аларды Америка Кошмо Штаттары, Батыш кызыкчылыктары жана жөөттөргө каршы күрөшүүгө чакырды. "О мусулмандар! Американын, Англиянын, Австралиянын, Норвегиянын элчиликтерине, алардын кызыкчылыктарына, компанияларына жана кызматкерлерине чабуул коюуга даярдангыла. Алар баскан жерди тозокко айланткыла, аларга ишенүүгө болбойт. Ал кылмышкерлерди өз өлкөңөрдөн кууп чыккыла!" - деген Завахири. Ал - Усама бин Ладендин орун басары болуп эсептелинет. Террорчунун кайрылуусун обого чыгарганы үчүн, АКШ мамлекеттик катчылыгынын өкүлү Ричард Баучер "Аль-Жазира" сыналгысын сынга алды. АКШда мүмкүн боло турган террор аракеттерине каршы жогорку даярдыктар көрүлүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG