Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:38

Шанхай Уюмунун аткаруучу катчылыгына Кытайдын өкүлү дайындалат


БИШКЕК. Шанхай кызматташтык уюмунун алгачкы аткаруучу секретары болуп Кытайдын Орусиядагы элчиси Чжан Дэгуан бекиши күтүлүүдө. Мындай маалымат 22-майда «АКИ-пресс» агенттигинде маалымдалып, ал кабар Тышкы иштер министрлигинин Шанхай Кызматташтык Уюму боюнча жооптуу кызматкери Улан Жусуповдон бышыкталды. Анын айтымында, 28-29-майда Москвада өтө турган Шанхай Кызматташтык Уюмунун кезектеги саммитинде Орусия, Кытай, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын президенттери Чжан Дэгуанды бул уюмдун аткаруучу секретарлыгына 3 жылга бекитишет. Шанхай кызматташтык уюмунун бюджетин аныктоо, бекитүү жана аткаруу боюнча келишимге кол коюлат. Мындан тышкары алты мамлекеттин президенттери уюмдун туусун жана эмблемасын тандашат. Москва жыйынында уюмдун Бишкекте ачылып жаткан регионалдык антитеррордук борборунун аткаруучу секретариатынын курамы да такталат.

XS
SM
MD
LG