Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:57

Пенсионер Михаил Корсунскийдин 2-апрелде «Моя столица» гезитине жарыяланган макаласына каршы өкмөт башчысы Николай Танаев Ленин райондук сотуна доо арыз менен кайрылган. Райондук сот премьер-министрдин доо арызын кароону 22-майда баштады.

Михаил Корсунский 2-апрелде «Моя столица» гезитине жарыяланган «Селеймеге бир гана дары -ал сот» деген макала жарыялап, анда Социалдык фонддогу 2 млрд сомго жакын акчанын кайда жумшалганы белгисиз экенин жана пенсиялык системадагы адилетсиздиктер жөнүндө сөз кылган. Аны менен катар автор Николай Танаевге тиешелүү мындай сүйлөмдү жазган: «Айтмакчы, Николай Танаев вице-премьер-министр болуп турган убакта Социалдык фонддун байкоочулар кеңешин жетектеген. Менин оюмча, Пенсиялык фонддун кайда кеткендиги белгисиз ири акчаларына Танаевдин тийиштиги болуш керек ». Н.Танаев жалпы макаланы жана анда келтирилген финансылык тартип бузуулар боюнча фактыларды эмес, бир гана жогорудагы сүйлөм үчүн Корсунскийди, анын макаласын жарыялаган «Моя столица» гезитин сотко берип, тарткан моралдык зыяны үчүн гезиттин уюштуруучусунан 10 млн. сом, редакциясынан 5 млн, ал эми пенсионер Корсунскийден 2.5 млн. сом өндүрүп берүүнү соттон сураган.

Ишти 22-майда Ленин райондук сотунун судьясы Жумагүл Албанова карай баштады. Доогер премьер-министрдин кызыкчылыгын коргоо үчүн адвокат Николай Жучков келди. Ал эми жоопкер катары сотто макала автору М. Корсунский жана «Моя столица» гезитинин башкы редактору Ал. Ким катышты. Андан сырткары сот жараянында өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү да отурушту.

Адегенде сөз алган адвокат Жучков макаладагы бир гана сүйлөм Танаевдин аброюна шек келтиргендигин, андан Танаевдин бедели жалпы коомчулук алдында жабыркаганын билдирип , моралдык зыяны үчүн талап кылынган сумманы өндүрүп берүүнү суранды. Эгерде Н. Танаевдин 17.5 млн. Сомдук дооматы канааттандырылса, ал утуп алган акчаны соопкерчилик үчүн жумшаларын Н. Жучков сотто жарыялады. Ал эми «Моя столица» гезитинин башкы редактору А. Ким Танаевдин доосу менен башталган сот жараянын саясий деп атап, ал эркин гезитти муунтуу үчүн жасалып жатканын жана доогердин дооматы менен такыр макул эместигин айтты. Пенсионер Михаил Корсунский да премьер-министрдин дооматына макул эместигин билдирди. Каршылашкан тараптардын суроолорун жана сөздөрүн уккандан кийин сот Жумагүл Албанова, 30-майга чейин тыныгуу жарыялады. Башкача айтканда Танаевдин доо арызы 30-майда кайрадан Ленин райондук сотунда карала баштайт. Сот убагында аудио жазуу жүргүзүүгө тыйуу салынды.

Ошондуктан соттун алгачкы жыйыны аяктагандан кийин Кыргызстан адам укугун коргоо бюросунун башчысы Наталья Аблова пикиринде: “Бул сот жараяны менен акыйкат башкаруу, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча президент, өкмөт демилгелиринин чын дилденби, же жөн айтылган сөз экендигин билүүгө болот. Анткени бул катардагы пенсионердин мамлекеттик органдын ишинин ачык болушуна жетишүүгө аракети. Эми ошол адамдын акыйкат башкарбай деп ойлоп койгондугу үчүн соттоп жатышпайбы. Ошондуктан бул сот жараяны акыйкат башкаруу ураанына карата алгачкы сыноо”.

Ал эми «Жарандык коом коррупцияга каршы» уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова: “Бул саясий жараян. Анткени «Моя столицаны» жоготуп, Кыргызстандагы демилгелүү адамдардын оозун басыш керек”, деди.

Жогорку бийлик жетекчилигинин коррупцияга тиешеси бар экендиги жөнүндө макалаларды кеңири жарыялап келген эркин гезитке каршы өкмөт башчысы Николай Танаевдин бул экинчи доо арызы. Анын биринчи доо арызы боюнча Ленин райондук жана Бишкек шаардык соту «Моя столица» гезитине 500 миң сом айып салган.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG