Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:05

АКСЫЛЫК АЯЛДАР АЧКАЧЫЛЫК АКЦИЯСЫН УБАКТЫЛУУ ТОКТОТУШТУ


Президент Аскар Акаевге жолугушканы Аксыдан Бишкекке келип, өткөн ишембиден бери ачкачылык жарыялап олтурган аялдар 22-майда ачкачылык акциясын убактылуу токтотушту.

Аксылык энелер ачкачылык акциясын убактылуу токтотушкандыгы тууралуу 22-майдагы маалымат жыйынында жарыя кылышып, жалпы кыргыз элине кайрылуу таратышты. Анда айтылган маалыматка караганда, ачкачылык акциясын алар «Аскар Акаевди кызматтан кетирүү жана эл үчүн реформа жасоо» кыймылы июль айынын орто ченинде өткөрө турган Үчүнчү элдик курултайга чейин убактылуу гана токтотушту. Алар маалымат жыйынын Аксы окуясында каза болгондорду эскерген кошок менен башташып, күнөөлүүлөрдү жазалабай жаткан бийликке нааразылыгын билдиришти. «Энелер кыймылынын» төрайымы Дилбар Момункулова болсо ачкачылыкты токтотуунун себебин мындайча түшүндүрдү:

- Биз жалпы чогулуштан кийин Үчүнчү элдик курултайга чейин ачкачылыкты токтотолу деген бүтүмгө келдик. Себеби, көптөгөн укук коргоо уюмдарынан, саясий партиялардан, «Акаевди кызматтан кетирүү жана эл үчүн реформа жасоо» кыймылынан, Аксы районунан, Байтик, Барскоон айылдарынан, Нарын, Сузак, Баткен райондорунан келген жана телефон чалган адамдар жана Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу «ачкачылыкты токтоткула» деген сунуштарды айтышты. Ошондуктан, жалпы энелер ушундай жыйынтыкка келдик.

Дилбар Момункулованын айтымында, Үчүнчү элдик курултайга чейин бийлик Аксы окуясынын күнөөкөрлөрүн жазалап бербесе, аялдар ачкачылыктан да күчтүү саясий акцияларга барууга даяр.

Беш күн мурун ачкачылык жарыялаган энелердин талабы жана алардын бардык бийлик жетекчилерине жолдогон кайрылуулары бийликке таасир кылбагандай сезилгени менен, бул окуя коомдо карама-каршы пикирлерди жаратты. Айрымдары «аялдар саясий оюндун куралы болуп жатышат» дешсе, башкалары «мындай акциялардан майнап чыкпайт, күрөштүн башка жолуна өтүү зарыл» деген пикирде болуп жатышат. Алардын бири, Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Алевтина Проненко «энелердин ачкачылыкты токтоткону туура кадам болду» деген пикирде.

- Мен Аксылык аялдардын ачкачылыкты токтоткону туура деген ойдомун. Алар ден соолугун сарптап, күрөшүүгө биздин бийлик татыксыз. Мындай маселелердин баасы башка. Аны чечүүнүн башка жолдору бар. Маселен, бул аялдар Аксы окуясы боюнча соттордун бардыгына кайрылышы керек. Ал үчүн окуянын артынан кайра түшүп, күнөөлүүлөрдү соттоого зарыл документтердин бардыгын жыйнап чыгышы керек. Андан кийин Эл аралык сотко чейин арызданышса болот. Албетте, ага чейин парламент жарандардын Эл аралык сотко кайрылуусуна негиз бере турган келишимдерди ратификациялоого милдеттүү. Анткени, Кыргызстан ошол келишимдерди ратификациялай элек жалгыз өлкө, - дейт Алевтина Проненко.

Аксылык энелер ачкачылыкты токтотоордон мурун 21-майда АКШ президенти Жорж Бушка, АКШ Конгрессине жана бардык эл аралык уюмдарга кайрылуу жолдоп, анда Аксы окуясынын күнөөкөрлөрүн жазалабай жаткан кыргыз бийлигине таасир көрсөтүүгө чакырышкан эле. Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Кубатбек Байболовдун айтымында, аялдардын бул аракети мыйзамдуу жана кыргыз бийлиги эл аралык уюмдардын пикири менен эсептешпей кое албайт.

- Эсептешпеске биздин эч кандай чарабыз жок, - дейт депутат Байболов. - Азыр дүйнөлүк коомчулук менен шайкеш болуп, кызматташып жаткандан кийин, алардын пикирине көңүл бурбай коюшка биздин эч бир мүмкүнчүлүгүбүз жок. Анын үстүнө дүйнөлүк коомчулуктун жардамы менен экономикабыздагы стабилдүүлүк сакталып турат. Терроризм күчөп турган учурда да биз дүйнөлүк коомчулуктун жардамынан пайдаланып жатпайбызбы. Ошондуктан, көңүлкош мамиле кылууга эч кандай мүмкүнчүлүгүбүз жок.

Депутат К. Байболовдун пикири боюнча, президент же бийликтин башка өкүлдөрү аксылык аялдарды кабыл алып, арыз-муңун укканга милдеттүү болчу. Ага жол берилбегенден кийин, демек, өлкөдө бейстабилдүүлүктү каалаган күчтөр бар.

- Өтө өкүнүчтүү окуя болду. Президент болбосо да Ак Үйдөгү кызматкерлер кабыл алып, арыз-муңдарын угуп, айтор колунан келген чараны көрүшсө абал мынчалык оордобойт эле. Ушул бийлик структураларында ахыбалды чыңалууга алып келүүгө кызыккан күчтөр барбы деген ой келет, - деди К. Байболов.

Ачкачылык акциясын убактылуу токтоткон энелер Аксы районуна эми качан кайтышаары белгисиз. Алардын айтымында, бул маселе ачкачылык жарыялаган аялдар дарыланып, эс алышкандан кийин чечиле турган маселе.

XS
SM
MD
LG