Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:45

БУУнун Коопсуздук кеңеши Ирак боюнча жаңы резолюция кабыл алды


Аталган документке ылайык, Багдадга каршы мурда киргизилген экономикалык санкциялар алынып салынат. Андан сырткары Ирактагы кайра куруу иштерин башкаруу, өлкөнүн мунайын сатып, андан түшкөн каражатты ирактыктардын жашоо-турмушун жакшыртууга жумшоо милдети АКШ менен Британияга жүктөлүп, БУУнун атайын өкүлү Ирактын утурумдук өкмөтүн түзүүгө көмөктөшөөрү каралган. Резолюцияны Ирактагы согушка каршы чыккан Франция, Орусия жана Германия колдоп чыгышты. Сирия добуш берүүгө катышкан жок. Вашингтон алгачкы резолюция долбоорун өзгөртүп, ага Иракка эл аралык курал-жарак инспекторлорун кайтаруу жөнүндө жобо киргизди. Андан тышкары документте Улуттар уюму алдыдагы алты ай ичинде Ирактагы "Мунай үчүн азык-түлүк" программасын ишке ашырууну улантаары айтылган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG