Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:30

АКШ АТОМДУК КУРАЛДЫН ЖАҢЫ ТҮРҮН ЖАСООНУ КАРАШТЫРЫП ЖАТАТ


Баян Жумакадыр кызы, Прага Жакында АКШнын администрациясы күйдүргү сыяктуу биологиялык жана химиялык куралдарды жок кыла ала турган атомдук куралдарды өнүктүрүүнү караштарып жатканын билдирди. АКШнын коргоо министри Доналд Расмфелд АКШ андай чакан атомдук куралдарды жасап чыгарууга эмес, куралдарды чыгаруунун мүмкүнчүлүктөрүн гана изилдөөгө ниеттүү экенин билдирди. Ошенсе да эксперттер андай аракеттин артында олуттуу саясий коркунуч тургандыгын эскертишет.

Пентагон сөз кылып жаткан чакан атомдук куралдардын күчү 1945- жылы Япониянын Хиросима шаарында жардырылган атомдук бомбанын үчтөн бир бөлүгүнүн күчүнө барабар болмокчу. Дүйнөлүк экинчи согуштун эң трагедиялуу окуяларынын бири болгон бул жардырууда 45 миң киши курман болгон. Демек, андай чакан атомдук курал калк отурукташкан жерлерде жардырылганда болжолу менен 15 миң кишинин өмүрүн алып кетиши ыктымал...

Бирок ошого карабастан Пентагон андай чакан атомдук куралдарды биологиялык жана химиялык заттарды жок кылуу үчүн пайдалануу адаттагы куралды колдонгонго караганда " эффективдүүрөөк" болот деп эсептейт. Вашингтондун айтымында, андай курал бутага өтө таамай тийип, жакшы бекемделген терең бункерлерде катылган биологиялык жана химиялык куралдардын кампаларын тып-тыйпыл кылганга кудуреттүү. Пентагондун өкүлү, генерал Ричард Маерс мындай дейт:

"Чакан атомдук куралдардан чыккан гамма нурлар күйдүргүнүн улпагы сыяктуу биологиялык заттарды жок кыла алат. Химиялык заттарды болсо атомдук куралдын жарылуусунан чыккан ысык температура жойот. Анын үстүнө чакан атомдук куралдар бутага таамай тийгендиктен андан жөнөкөй куралга караганда азыраак кыйроо болот".

Чакан атомдук куралдын жактоочулары ошондой эле андай куралдар менен террордук топторго баш баана берген мамлекеттерге көбүрөөк сез кылуу мүмкүн экенин белгилешет. Чоң атомдук куралдын кыруучу күчү зор болгондуктан, террорчуларды колдогон мамлекеттер АКШнын өзүлөрүнө каршы андай куралды колдонушунан күмөн санашат. Американын курал арсеналында таасирдүү чакан куралдын пайда болушу, террорду колдогондорго бир топ сез көрсөтмөк дешет чакан атомдук куралдын жактоочулары.

Бирок АКШнын бул идеясынын оппоненттери АКШнын чакан атомдук куралдарды жасоо аракеттери дүйнө жүзүндө жарыша куралданууга түрткү боло тургандыгын эскертишет. "Атом деген жинди бөтөлкөдөн чыгарбай кармап туруу өтө кыйын", - дешет алар. Жейнс Айр Лонч Вэпонс басылмасынын кызматкери Роберт Хьюсон АКШы мындай демилгеси менен жаман жөрөлгөгө түрткү болуп жаткандыгын эскертет.

"Эгерде дүйнөнүн улуу дөөлөтү эсептелген АКШ эрежени бузуп отурса, башкалар четте калмак беле? АКШда 90-чу жылдардын башынан бери атомдук куралдарды өнүктүрүүгө мораторий жарыяланган. Индия менен Пакистанды кошпогондо, анын бул демилгесин атомдук куралга ээ башка өлкөлөр да колдошкон. Айрым кишилер чакан атомдук куралдарды өнүктүрүүнү жактап, ишенчиликтүү аргументтерди айтышы мүмкүн. Бирок андай болгондо, Америка ошондой куралдарды жасап чыгаруудан башкаларды токтотуп кала албайт",- дейт Роберт Хьюсон.

Вашингтон чакан атомдук куралдарды өнүктүрүү ядролук куралдарды таркатпоо боюнча жалпы келишимдин жоболоруна каршы келбейт деген ишенимде. Анын айтымында, келишимде жаңы үлгүдөгү куралдарды жасоого тыйуу салынган эмес.

Бирок Лондондогу Стратегиялык изилдөөлөр институнун эксперти АКШнын аракеттери келишимдин маани-маңызына кайчы келип жаткандыгын белгилейт. Жаңы куралды чыгаруу үчүн АКШ ядролук сыноолорду жүргүзгөнгө мажбур болот. Куралды сыноосуз жасоо мүмкүн эмес. АКШнын сыноолору туташ реакцияга себеп болуп, ядролук сыноонун бүткүл дүйнө боюнча жанданышына алып келет, дейт Самор. Самор эгерде химиялык жана биологиялык куралдарды чын эле жок кылгысы келсе айлана чөйрөдөгү бардык жандуу жана жансыз нерселерди жок кылган атомдук куралды чыгаргандан көрө, АКШ жөнөкөй куралдарды жасап чыгарганы алда канча акылдуу чечим боло тургандыгын айтат.

XS
SM
MD
LG