Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:20

Жакында Бириккен Улуттардын Ирак боюнча атайын өкүлү дайындалат


Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңеши 22-май күнү Ирак боюнча жаңы резолюция кабыл алды. Кеңештин 15 мүчөсүнүн он төртү аны колдоду, Сирия болсо добуш берүүгө катышкан жок. Резолюцияга ылайык, мындан 13 жыл мурда Иракка каршы жарыяланган экономикалык чектөөлөр алып салынат жана өлкөнүн жаңы өкмөтүн түзүү иштерин коалициялык күчтөр жүргүзөт, ал эми Бириккен Улуттардын өкүлү аларга жардамдашат. Бириккен Улуттардын баш катчысы Кофи Аннан резолюциянын кабыл алынганын жактырганы менен, ал жөн гана ар башка тараптарын мунасасы экендигин белгиледи: "Бул резолюция - мунаса жыйынтык, мунаса изделгенде болсо, эч бир тарап өз максатына толук жетпейт. Бирок биз мунаса таптык жана жаңы чечимди ишке ашырууга милдеттүүбүз". Аннандын айтымында, эми Бириккен Улуттардын Ирактагы атайын өкүлүн кечиктирилбей дайындаш керек.

XS
SM
MD
LG