Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:08

АКШда ДЕФЛЯЦИЯ КОРКУНУЧУ АЗ ДА БОЛСО БАР ЭКЕНИ ЭСКЕРТИЛДИ


Финансы чөйрөсүндө кадыр барктуу “The Financial Times“ гезити жазгандай, американын экономикасы азыр өзгөчө мезгилди баштан кечирип жаткан кез. АКШнын борбордук банкы доллар дүйнөнүн кубаттуу акчаларына салыштырмалуу 30 процентке жакын арзандап кеткенден кийин, алдыда дефляция болушу мүмкүн экенин эскертти

Кошмо Штаттарынын борбордук банкынын (англисче кыскача аталышы FED) төрагасы Алан Гринспен шаршемби, 21-май күнү Сенат менен Өкүлдөр палатасынын Биргелешкен экономикалык комитетинде өткөн угууда бир нече айдын ичинде инфляциянын өсүшүнө караганда, аз да болсо дефляция болушу мүмкүн экенин этият туйдурду.

- Келерки кварталдарда инфляциянын биз каалабаган деңгээлге кескин төмөндөп кетүү мүмкүндүгү анын жогорулоо мүмкүндүгүнө караганда аз.

Бирок, Гринспен финансистерде дефляцияны болтурбоого жетерлик механизмдери бар деп жубатты парламентарийлердин көңүлүн. Гринспендин бул айтканына караганда, ФЕД келерки айларда инфляция азыркы 1 проценттен 1,5 процентке чейин жогорулашы мүмкүн деп боолгошот айрым эксперттер.

Дефляция учурунда керектөөчүлөрдүн товар сатып алуусу солгундайт да, анын кесепетинен товарлар өтпөй, баа төмөндөй баштайт. Ошол эле мезгилде кардарлар банк жана соода мекемелери алдындагы борчун төлөөгө шашпайт.
Дефляция 1999-жылдан бери Японияны муунтууда. 1930-жылдары Кошмо Штаттарын далыга жыккан экономикалык апааттын бир себепчиси да дефляция болгон.

Гринспендин айтымында, дефляцияны болтурбоо үчүн ФЕД банктан алынган карыздар үчүн төлөнчү кайтарым пулдун төлөмүн дагы кыскарта алат. Бул товар керектөөнүн, баалуу кагаздарды сатып алуунун жана капиталды өндүрүшкө салуунун өсүшүнө өбөлгө түзөт.
ФЕД ошондой эле экономикалык активдүүлүктү жандандыруу үчүн АКШнын финансы министрлиги чыгарган баалуу кагаздарды сатууп алууга даяр деп билдирди Гринспен Конгресстеги угууда.

- Борбордук банк дефляция болушу мүмкүн деп санайт. Биз азыр биздин баарыбыз үчүн табышмактуу бул капылетти үйрөнүп билүү жана анын алдын алып болтурбоо үчүн өтө чоң каражат бөлгөнбүз.

Тогуз жыл бою ырааттуу өсүп жаткан АКШнын экономикасы 2000-жылдын баш ченинде жогорку технологиялык фирмалардын акциялары кескин арзандагап кеткенден кийин таскагын жоготуп “аксап калды”.
Ошондон бери ФЕД инфляцияны мерчемделген чекте кармоо үчүн бир күндүк кредиттин баасын жогорулатып, 2001-жылдын башына 6,5 процентке чейин жеткирген да, андан соң акырындап ылдыйлата баштаган.

Кайтарымдын көлөмү ар жарым жылда бир ирет ФЕДдин атайын комитети тарабынын бекитилет. Азыр бир күндүк ссуданын баасы жана федералдык баалуу кагаздар үчүн төлөнчү кирешенин нормасы 1,25 процент. Бул акыркы 41 жылдагы эң төмөнкү көрсөткүч.

АКШнын борбордук банкынын атайын комитети кайтарымдын кызыктыруучу жаңы курсун 24-25-июнда болчу жыйынында тактайт.
Комитет проценттик ставканы демейдегидей төрттөн бирге же 0,25 процентке кыскартса, ссудага төлөнчү кайтарым 1 процент болуп калат.
Бирок, көпчүлүк экономисттер Американын экономикасынынын азыркы жагдайына карай борбордук банк проценттик ставканы жарым процентке төмөндөтөт деген ишенимде.

Гринспен парламенттик комитетте болгон угууда Ирак согушу бүткөнү менен АКШ менен дүйнөлүк экономиканын абалы кандай болорун айтуу татаал экенин мойнуна алды. Себеби, буш жума илгери согуш токтогондон кийин, кара майдын баасы бир кыйла арзандаган болчу. Бирок, Ирактын мунай ишканаларын калыбына келтирүү кечеңдеп жаткандыктан мунайдын, ошондой эле газдын баасы акырындап кымбаттоодо, деп түшүндүрдү АКШнын башкы банкынын төрагасы Алан Гринспен.
XS
SM
MD
LG