Грузия, Украина, Азербайжан жана Молдованын тышкы иштер министрлери менен Өзбекстандын Тблисидеги элчиси ГУУАМ өлкөлөрүнүн ушул жылы боло турган саммитине даярдык көрүшөт. 1997-жылы түзүлгөн уюм аталган өлкөлөрдүн экономикалык кызматташтыгын бекемдеп, уюмдун мүчөлөрүнүн Орусиянын таасиринен чыгуусуна данакер болуу максатын көздөйт.