Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:16

Орусия Натонун Ооганстандагы миссиясына жардам берүүгө даяр экенин билдирди


Орусиянын тышкы иштер министри Игорь Иванов андай кызматташуу Орусиянын кызыкчылыктарына төп келе тургандыгын билдирди. Иванов бул билдирүсүн НАТОнун баш катачысы генерал Жордж Робертсон менен Брүсселде болчу жолугушуу алдында жасады. Август айында НАТО Ооганстанда коопсуздукту орнотуу боюнча эл аралык күчтөрдүн командачылыгын Германия менен Нидерландиядан өткөрүп алат. Иванов Орусиянын НАТО менен Ооганстанда кызматташуусу чалгындоо маалыматары менен алмашуу жана куткаруу операциялары менен чектеле турганын айтат.

XS
SM
MD
LG