Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:34

Кечээ Казакстанда болгон катуу жер титирөөдөн бери дегенде 8 киши курман болду


Өлкөнүн чукул кырдаалдар министрлигинин айтымында, күчү Рихтер өлчөө системасы боюнча, алты жарым даражага жеткен зилзаладан Кыргызстанга чектеш Луговое шаарчасында көптөгөн үйлөр кыйрап калды. Жер титирөөнүн очогу Жамбыл областында болгон.Чөлкөмдүн Куанды кыштыгынын тургуну Шаткагаева кыштакта үйлөр кыйрап, колу буту сынгандар, курман болгондор бар экенин айтат. Анын айтымында, кыштактын ооруканасы кыйрап калгандыктан, жарат алгандарды башка ооруканаларга ташууга туура келип жатат. Казак өкмөтүнүн көптөгөн жыйындары кийинкиге калтырылып, жоптуу өкмөт өкүлдөрү жабыр тарткан жерлерди кыдырышууда. Жердин силкинүүсү кошуна Кыргызстан менен Өзбекстандын аймактарында да сезилди.

XS
SM
MD
LG