Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:23

ПАЛЕСТИН ПРЕМЬЕРИ ХАМАСЧЫЛАР МЕНЕН ЖОЛУКТУ


Палестинанын премьер-министри Махмуд Аббас исламчыл "Хамас" уюмунун жетекчилери менен жолугуп, аларды Израилге каршы чабуулдарын токтотууга үндөдү. "Хамастын" өкүлдөрү өкмөт башчыга өз шарттарын айтышты. "Нью-Йорк таймс" гезити жума күнкү санында Израилдин премьери Ариэль Шарон Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу боюнча эл аралык планга негизинен каршы эмес экенин Вашингтонго билдирди деп жарыялады.

Палестинанын премьер-министри радикал "Хамас" уюмунун лидерлери менен жолугуп, эл аралык коомчулуктун карапайым жөөттөргө каршы чабуулдарды токтотуу жөнүндөгү талаптарын аткарууну көздөй алгачкы кадам жасады. Белгилүү болгондой, Израиль өкмөтү палестин жетекчилигинен бардык согушкерлерди куралсыздандырып, камакка алууну талап этип келатат. Бейшемби күнкү жолугушууга катышкан палестин министри Зияд Абу Амр бирок, премьер-министр Махмуд Аббас согушкерлерге каршы күч колдонуу – тийиштүү натыйжа алып келбейт деп эсептээрин билдирди. Абу Амр маалымдагандай, палестин премьери хамасчылардан Израилге каршы жанкечтилердин жардырууларын жана башка чабуулдарды токтотууну суранды. Палестиндердин эң ири радикал уюму эсептелинген "Хамастын" жетекчилери Израиль палестин согушкерлеринин артынан сая түшүп, куугунтуктаганын токтотсо, алгач жарым-жартылай жарашууга даяр экенин айтышкан. Тактап айтканда, хамасчылар Израилдин карапайым жарандарына каршы кол салуусун токтотуп, бирок палестин аймактарындагы жөөт келгиндери менен аскерлерге каршы аракеттерин улантаарын билдиришкен. Ушул аптада эле "Хамас" жана башка палестин кыймылдары жөөттөргө каршы 5 бомба жардыруусун уюштуруп, 12 израилдиктин өмүрүн кыйышты. Премьер-министр менен сүйлөшүү учурунда "Хамастын" лидерлери: "Баскынчылар ээлеген аймактарды бошотуп, куралын биринчи ташташы керек", - деп белгилешти. Махмуд Аббас палестин согушкерлерин колундагы курал-жарагын өткөрүп берүүгө үндөп жатат; Израиль болсо, андай чара аздык кылат, палестин өкмөтү согушкерлерди камакка алып, күч менен куралсыздандырууга тийиш деп эсептейт.


"Ортодо али ушундай түшүнбөстүктөр бар болсо да, Израилдин премьер-министри Ариэль Шарон алгачкы ирет бейшембиде Вашингтонго жөөт-палестин чатагын жөнгө салуу бонча "Жол картасы" аттуу эл аралык пландын башкы жол-жоболору менен макул экенин билдирди", - деп жазат жума күнкү санында "НьюЙорк таймс" гезити. Басылма кабарлагандай, Шарон өзүнүн чабарманы аркылуу АКШ жетекчилиги Израилди кабатырланткан жагдайларды эске алса, Тель-Авив ал планды кабыл алышы мүмкүн деген пикирин билдирген.


Палестина менен Израилге ортодогу кан төгүүнү тыйып, палестин аймактарындагы жөөт кыштактарын кеңейтүүнү токтотуп, 2005-жылы эгемен Палестина мамлекетин жарыялоону сунуш кылган "Жол картасы" планын жакынкы күндөрү АКШ президенти Жорж Буш Махмуд Аббас жана Ариэль Шарон менен өз-өзүнчө, же чогуу-чаран талкуулап калышы мүмкүн. Буш келээрки аптада Европага сапарга аттанат, айрым маалыматтар боюнча, ал жолдо Жакынкы Чыгышка токтой кетиши ыктымал. Башка маалыматтар боюнча, АКШ президенти Махмуд Аббас менен Катарда, ал эми Ариэль Шарон менен Европада кездешип-маектешээри болжолдонууда.


Айрым байкоочулар Палестинанын өкмөт башчысы согушкерлерге каршы курал колдонуудан деле баш тартпайт эле, бирок ал үчүн жетиштүү бийлик укуктары жок дешсе, башкалары Махмуд Аббас андай кадамдарды жасаса, 32 айдан бери Израиль армиясынын көзөмөлү алдында жашап, ары-бери эркин каттай албай калган карапайым палестиндердин каарына калаарын жакшы түшүнөт дешет.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG