Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:26

ООН ӨЗ ОРОЛУНА КЕЛДИ


Бириккен Улуттар Уюмунун өкүлдөрү коопсуздук кеңешинде кабыл алынган жаңы резолюция Иракка гуманитардык жардам көрсөтүү ишин тездетет деп эсептешет. ООНдун баш катчысы Ананндын орунбасары Луиза Фрешетт эмдиги айдын алгачкы күндөрүнө чейин Иракка жалпы суммасы бир миллиард долларга барабар азык-түлүк жана башка зарыл керектүү товарлар жөнөтүлө тургандыгын билдирди. Жаңы резолюцияны дүйнөлүк гезиттер да кеңири комментариялап жатышат.

Резолюциянын негизги пункттарына ылайык, Иракты башкаруу ишинде бийликтин көбү Кошмо Штаттары менен Британияга берилет. Коалициянын контингенти бул өлкөдө жаңы өкмөт түзүлүп, ал ирденип,ишке киришкенге чейин калат. ООНдун аскери инспекторлорунун мындан аркы миссиясы жөнүндөгү маселе коопсуздук кеңешинде кошумча талкууланат. Иракты өнүктрүү боюнча атайын фонд түзүлүп,ага бир миллиард доллар каражат которулат. Ал эми ООнго болсо Ирактагы өзүнүн атайын өкүлүн дайындаганга укук берилет. Анын ким болорун баш катчы Кофи Ананн жакынкы күндөрдө жарыялайт. Эл аралык коомчулуктун өкүлү,резолюцияга ылайык, Ирактын жаңы режимин түзүүдө америкалык администрация менен кызматташканга мандат алат. Бирок Саддамдан кийинки өкмөттүн составын коалиция,негизинен Кошмо Штаттары өзү аныктайт. Кофи Ананн болсо түпкүлүгүндө ирактыктардын тагдыр-таалайы үчүн алар өздөрү жоопкер болууга тийиш, саясий келечегине өздөрү кам көрүп, табигый байлыктарын өздөрү тескеп, башкарышы керек деген пикирде. Резолюцияда Ирактагы кырдаалды он эки айда бир ирет байкап-багып көргөнгө коопсуздук кеңешине атайын мандат каралган. АКШнын ООНдогу өкүлү Жон Негропонте бул жагынан оккупациялык бийлик коопсуздук кеңешине ар квартал сайын кең-кесири маалымат берип турарына ишендирди. Менимче, бардык иш алаканга салгандай ачык-айкын мүнөздө жүргүзүлөт, деп айтты ал.

Иши кылып,жаңы резолюцияны көпчүлүк байкоочулар,алардын ичинде россиялык эксперттер жалпысынан Вашингтон администрациясынын дипломатиялык жеңиши катары баалашты. Президент Буштун командасы болгону документке принциптүү анчейин деле мааниси жок толуктоолорду кошконго макул болду, деп белгилейт “Известия”. Бул ойду британдык “Гардиан” бир кыйла тереңдетип, коопсуздук кеңешинде Россия, Франция, Германия жана Кытай иш жүзүндө Ирактагы согушту кеч болсо да мыйзамдаштырып бергендигин көрсөтөт.

Дипломаттар мындай пикирлерде кадыресе жүйөө бар дешет, бирок жаңы резолюциянын башкы маанисин баарыдан мурда Ирактын айынан келип чыккан ООНдогу кризисти жойгонго, бул уюмду баштапкы ордуна койгонго өбөлгө түзгөнүнөн көрүшөт. Берлиндеги пресс-конференцияда британ премьери Тони Блэр резолюциянын бир добуштан кабыл алынганын ООН үчүн маанилүү күн болгонун,ал кайра өз оролуна келгендигин белгиледи. Блэрдин оюн ошол эле күнү Нью-Йоркто британ элчиси Жереми Гринсток угузду.ООН дүйнөлүк маанилүү маселелердеги өзүнүн чечүүчү позициясына кайра ээ болду,бүгүнкү күн уюм үчүн жакшы күн болду, деп айтты британ дипломаты.

Бир катар баяндамачылар коопсуздук кеңешиндеги мунаса Ирактагы согуштун негизги оппонентери – Франция, Россия жана Германия үчүн да майнаптуу болгонун белгилешти. Бул маселеге кеңири токтолуп,”Известия” гезити Москва чын эле коопсуздук кеңешиндеги добушун Ирактагы мунай контракттары менен карыздары үчүн сатты деп жазат. Жогорку бийлик чөйрөсүндө эми жаңы идея пайда болду, деп көрсөтөт газета. Атап айтканда, Москва Ирактан алар 8 миллиард доллар аласасын кечкенге даяр, бирок буга жооп кылып Париж клубу да Россиянын эски совет мезгилинен калган сегиз миллиард доллар бересин кечиши керек. Бирок мындай соодадан нап чыгарына баары бир Кремлдеги стратегдер өздөрү да анчейин ишене бербейт, деп белгилейт газета.

XS
SM
MD
LG