Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:56

Укук коргоочу Турсунбек Акун Бишкек шаардык сотуна кайрылды


БИШКЕК. Укук коргоочу Турсунбек Акун «коомдук тартипти бузду» деп ага 1000 сом айыппул салган Биринчи Май райондук сотунун 16-майдагы чечимин жокко чыгарып берүүнү өтүнгөн арызы менен бүгүн Бишкек шаардык сотуна кайрылды. Бул тууралуу укук коргоочунун өзү бүгүн «Азаттыкка» маалымдады. Анын билдиргенине караганда, 16-майда Жогорку Кеңештин алдына нааразылык акциясына чыккан укук коргоочуларды, коомдук уюмдардын өкүлдөрүн милиция мыйзамсыз кармап кеткен жана Биринчи Май райондук соту пикеттин катышуучуларына мыйзамсыз айып салган. Укук коргоочунун айтымында, «Жарандардын митингдерди, демонстрацияларды тынч, курал-жараксыз, эркин өткөрүү укугу жөнүндөгү» мыйзамдын 3-беренеси бузулган.
Укук коргоочу Турсунбек Акун менен премьер-министр Николай Танаевдин ортосунда бүгүн Бишкек шаардык сотунда каралмакчы болгон сот иши 28-майга калтырылды.

XS
SM
MD
LG