Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:19

«Моя столица - новости» гезитинин кезектеги саны сатыктан алынды


БИШКЕК. «Моя столица - новости» гезитинин бүгүнкү саны «Учкун» мамлекеттик концернинен чыккан соң Бишкектин Ленин райондук соту тарабынан сатыктан алынды. Бүгүн гезиттин башкы редактору Александр Ким, анын орун басарлары Рина Приживойт жана Геннадий Кузьмин бул окуя боюнча маалымат жыйынын өткөрүштү. Анда алынган маалыматка караганда, «Учкундан» жаңы эле басылган 15 миң нусканы Ленин райондук сотунун сот аткаруучусу Б. Саламатов «Алексей Елисеевдин пайдасына сот тарабынан өндүрүлгөн 5000 сом өлчөмүндөгү айыппулду «Моя столица» гезити төлөгөн эмес» деп алып кеткен. Александр Кимдин айтымында, сот аткаруучунун бул аракети бир катар мыйзамдарга туура келбейт, анткени, ал жүйө кылган 5000 сомдон Алексей Елисеев баш тарткан. Ошондуктан, сот аткаруучунун мындай аракеттери сотко берилет. Ленин райондук сотунун маалыматына караганда, сот чечимин аткаруучу Б. Саламатов «Кыргыз Республикасынын сот чечимин аткаруу өндүрүшү жана сот чечимин аткаруучунун статусу жөнүндөгү» мыйзамга таянып аракет кылган. «Моя столица -новости» гезити сот чечими менен «Мерлисайд» фирмасына 500 миң сом, премьер-министр Николай Танаевге 500 миң сом, Карабалта спирт заводуна 50 миң сом карыз болгон. «Моя столица - новости» гезити ушул карыздарын төлөбөй келгендиктен, анын бардык мүлкү, акча каражаттары жана башка байлыгы камакка алынганы белгилүү болду.

XS
SM
MD
LG