Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:22

АКШ президенти менен Жапания премьери Түндүк Корея маселесин талкуулады


АКШ президенти Жорж Буш 23-май күнү Техас штатында Жапаниянын премьер-министри Дзюнитиро Коидзуми менен жолугуп, Түндүк Корея маселесин талкуулады. Эки жетекчи жасаган биргелешкен билдирүүдө - Пхеньян өзүнүн өзөктүк программаларын токтотууга тийиш деп айтылат жана Түндүк Корея маселеси боюнча жакында көп тараптуу эл аралык жыйын өткөрүлүп, ага Пхеньяндын өкүлдөрү да чакырылат. Түндүк Корея болсо АКШ менен гана сүйлөшүү өткөрүүнү каалайт. Орусиянын тышкы иштер министрлиги 23-май күнү билдирүү жасап, Түндүк Кореянын коопсуздугуна кепилдик түзүлүүгө тийиш деп билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG