Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:25

Бириккен Улуттардын баш катчысы Ирак боюнча уюмдун жаңы өкүлүн дайындады


Бириккен Улуттардын баш катчысы Кофи Аннан 23-майда - уюмдун Ирактагы атайын өкүлү болот деп Сержио Виейра ди Меллону атады, бул кызматка ал эмки аптада расми түрдө дайындалат. Бразилиялык ди Мелло азыр Бириккен Улуттардын адам укуктары боюнча жогорку комиссары, ага чейин болсо Чыгыш Тимордогу кайра куруу иштерин көзөмөлдөгөн. Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңеши 22-май күнү кабыл алган Ирак боюнча жаңы резолюцияга ылайык, өлкөнү калыбына келтирүү милдети АКШ баштаган коалициялык күчтөргө жүктөлөт, Бириккен Улуттардын өкүлү болсо аларга жардамдашат.

XS
SM
MD
LG