Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:32

Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу боюнча жаңы планга Израил макул болду


Израилдин премьер-министри Ариель Шарон 23-май күнү Вашингтон шаарында - Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу боюнча түзүлгөн жана "Жол картасы" деп аталган жаңы планды кабыл ала турганын билдирди. Шарондун айтымында, планды ал өкмөттүн кароосуна жекшемби күнү коет. Израилдин бул чечимин АКШ президенти Жорж Буш кубаттады: "Премьер Шарон 'Жол картасын' кабыл алды жана бул алдыга жылуу. Израилдин коопсуздугуна АКШ кепил болот деп мен аны ишендирдим, ошондуктан ал планды кабыл алды. Эми Израилдин коопсуздугуна коркунуч келсе, биз ага жооп берүүгз тийишпиз". План - АКШ, Бириккен Улуттар, Европа Биримдиги жана Орусия тарабынан түзүлгөн, ага ылайык, 2005-жылы эгемендүү Палестина мамлекети пайда болууга тийиш, Израил болсо басылып алынган араб аймактарынан чыгып кетет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG