Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:59

ӨЛКӨДӨГҮ КЫЛМЫШТУУЛУКТУН АБАЛЫ ПАРЛАМЕНТТЕ ТАЛКУУЛАНДЫ


23-майда Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны өкмөттүк сааттын алкагында акыркы кезде өлкөдө орун алган ири кылмыштарга байланыштуу күч структураларынын маалыматын укту.

Мыйзам чыгаруу жыйынында жума күнү ички иштер министри Бакирдин Субанбеков, Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Борис Полуэктов жана башкы прокурордун биринчи орун басары Курмантай Абдиев акыркы кезде өлкөдө орун алган ири кылмыштар жана алардын бетин ачыш үчүн көрүлүп жаткан чаралар боюнча маалымат беришти. Адегенде сөз алган ички иштер министри Бакирдин Субанбеков «Оберон» базарындагы былтыркы жардыруу, быйыл Бишкек-Торугарт жолунда 21 кишинин өлтүрүлүшү, Ош шаарында акча алмаштыруу жайындагы жардыруу жана 15-майда Жалалалабадда ички иштер бөлүмдөрүнө кол салуу боюнча тергөө иштеринин жүрүшү боюнча маалымат берди. Министр Субанбеков «Оберондогу» жана Оштогу жардырууну бирдиктүү бир топ жасаганын жана алар кармалганын кабарлап, буларга токтолду:

- Бул жардырууларды жасаган кылмыш тобунун мүчөлөрү тергөөнүн жүрүшүндө толугу менен аныкталды. Алар Өзбек Республикасынын атуулдары, «Өзбекстан ислам кыймылынын” мүчөлөрү Абдуллаев, Масрахунов жана кыргызстандык Маматов болуп чыкты.Тергөө иши уланууда.

Ал эми Бишкек-Торугарт жолундагы 21 кишинин өлтүрүлүшү боюнча ал тергөө иши уланып жатканын кабарлады. Ички иштер министринин айтымында, 15-майдагы Жалалабаддагы ички иштер органдарына кол салууга окшогон кылмыштарга жол бербеш үчүн тийиштүү чаралар көрүлүүдө. Жалалабадда милиция органдарына кол салгандардын жетөө кармалган. Бирок алардын лидери Адыл Каримов кармала элек. Аны менен кошо уурдалган 37 куралдын 8 табыла элек. Министрдин айтымында, кол салуучулардын максаты - убактылуу кармоо жайында камалып жаткан «Красавчик» деген адамды бошотуп, экинчи бир кылмыш тобунун башчысы «Черный» дегенди өлтүрүү болгон. Бирок аларга абактын ичине кирүүгө мүмкүнчүлүк берилген эмес. Кол салуунун максаты тууралуу Субанбеков буларды айтты:

- Кылмыш тобунун башчысы Каримов Адыл каракчылыктан кийин Аксы районуна барып, элге курал берип, элди бийликке каршы көтөрүп, «төңкөрүш жасайбыз» деп айткан. Мунун баары шектүү адамдардардын көргөзмөсү менен далилденди.

Андан кийин сөз сүйлөгөн Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Борис Полуэктов Жалалабаддагы кол салууну уюштуруучулардын экөө Түркияга качып кетүүгө үлгүргөнүн, бирок калган жетекчилери бул жакта изделип жатканын билдирди. Ал эми Коопсуздук Кеңешинин катчысы Мисир Ашыркуловго өткөн жылы 6-сентябрдагы кол салуу боюнча козголгон кылмыш иши 6 версия менен иликтенип жатканын, бирок жыйынтык жок экенин маалымдады. Андан кийин күч органдарынын өкүлдөрүнө суроолор бериле баштады. Адегенде депутат Адахан Мадумаров «Жалалабаддагы кол салуунун идеялык жетекчилери кимдер, «оппозициялык күчтөрдүн аларга тиешеси бар» деген сөздөрдүн канчалык чындыгы бар» экенине жооп алууга аракеттенди. Ага Борис Полуэктов:

- Кол салган топтун жетекчилери - негизинен кылмыш дүйнөсүнүн лидерлери. Алардын бир бөлүгү кармалды. «Саясий ишмерлер алардын жетекчиси болгон» деген маалымат бизде жок. Мен саясатчылардан эч кимге тийише албаймын, - деп жооп берди.

Андан кийин депутат Өмүрбек Текебаев өлкөдөгү кылмыштуулуктун өсүшү коррупциядан улам экенин, милиция органдарында пара берүү менен кызматка орноштуруу, акча менен кылмыш ишин жабуу көп кездешээрин айтты. Ага жооп кылган Бакирдин Субанбеков баарын жалпы айыптабай, конкреттүү фактыларды келтирүүнү өтүндү. Бир катар суроолордон кийин депутаттар жарыш сөзгө чыгууну чечишти. Бирок бул күнү беш гана депутат сүйлөгөнгө үлгүрдү. Маселени талкуулоону Мыйзам чыгаруу жыйыны дүйшөмбү күнү улантат жана анын жыйынтыгында атайын токтом кабыл алынат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG