Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:43

Аял-эркек саясатчылардын укуктары Бишкектеги конференцияда талкууланат


БИШКЕК. 26-27-майда Бишкекте аял-эркектин саясаттагы тең укуктуулугун камсыз кылуу стратегиясына арналган эл аралык конференция болот. Ага Казакстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын делегациялары, Германия менен Австриянын эксперттери катышат. Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Демократия институту жана адам укуктары боюнча бюросунун, Аденауэр фондунун жана президенттик администрациянын көмөгү менен өтө турган конференцияга 100дөн ашык өкүл катышат. Анда постсоветтик мезгил ичинде Борбордук Азия өлкөлөрүндө кабыл алынган ар кыл чечимдерге аялдардын канчалык даражада катышканы талкууланат. Кыргызстанда калктын 50% ашыгын аялдар түзөт. Ал эми кыргыз парламентинде саясатчы аялдардын саны 4% жакын.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG