Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:34

Премьер-министр Н. Танаев Алжирдин өкмөт башчысына көңүл айтты


БИШКЕК. Алжирде болгон жер титирөөгө байланыштуу бул өлкөнүн өкмөт башчысы Али Бенфлиске премьер-министр Николай Танаев көңүл айтуу телеграммасын жолдоду. Алжирде 21-майда 6,7 баллдык жер силкинүүдөн улам 1700гө жакын адам набыт болуп, 8000ге жакыны жабыр тарканы айтылууда. Тышкы иштер министрлигинен алынган маалыматка караганда, Алжирдеги жер титирөө учурунда ал жерде кыргызстандык бир да жаран болгон эмес. Ал эми Кыргызстандын өзүндө 23-майдын түнүндө болгон жер титирөөдөн адамдар жабыр тарткан жок. Бирок Талас облусундагы Учэмчек, Арал айылдарында 17 турак үй керектен чыкты.

XS
SM
MD
LG