Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:58

Президент А. Акаев Пакистанга май айында эмес, жыл аягында бармак болду


БИШКЕК. Президент Аскар Акаевдин Пакистанга белгиленген расмий иш сапары эки тараптын макулдугу менен май айынан ушул жылдын аягына которулду. Бул тууралуу маалымат бүгүн Тышкы иштер министрлигинин чыгыш башкармалыгынан алынды. Ушул эле башкармалыктын маалыматы боюнча, май айынын аяк ченине белгиленген кыргыз-япон өкмөт аралык комиссиясынын жыйыны да июнь айына которулду. Өкмөт аралык комиссиянын жыйыны премьер-министр Николай Танаевдин катышуусу менен 20-майда Токиодо өтүшү керек эле. Кыргыз тарап анда Япониядан гранттык жардамдын көлөмүн 1 млрд. иенден 3 млрд. иенге көтөрүүнү өтүнмөк.

XS
SM
MD
LG