Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:33

АКЫН САДЫК ГАВАЙ


Көчкөн Сактанов, Бишкек Кыргызстан өзүнчө эркин республика болуп өз укугуна ээ боло баштаганы менен, кийинки он жылдыкта адабият менен искусство ара жолдо кароосуз калып, айрыкча жаш таланттар өз үнүн окурмандарына жеткириши кыйын болуп атканы жашыруун эмес. Ошондой чыгармачыл инсандардын бири - акын Садык Гавай.

Поэзиядагы маданият – баарыдан мурда тиги же бу акындын турмушуна болгон мамилеси, ойдун даана жана тунуктугу, элпектиги, сулуу кыздын сулуу чачындай суйсала өрүлүп, уйкашып турушу менен бааланат. Бул атрибуттардын бардыгы акын Садык Гавайдын ырларында бар экени байкалды. Лирикалык каармандын махабат дүйнөсүн, адам дүйнөсүн, жаратылыш дүйнөсүн өзүнө гана таандык саптар менен кабылдашы өзүнчө жаңылык катары туюлду. Келечегинен көптү үмүттөндүргөн мына ушул акын Садык Гавай бүгүн бизде мейманда.

- Садык, эгер кимдир-бирөө сени «ыр жазганды ташта, эртең эле министрлик орун берем» десе эмне дээр элең?

- Албетте, эч кандай креслого ырды алмаштырууга болбойт. Анткени ал - ыр. Жан дүйнөңдөн сызылып, ыйлап чыккан ыр. Эгер сен ырыңды, сырыңды креслого алмаштырсаң анда акын болуунун эч кандай кажети жок. Андай болгон соң кичинекей кезиңден саясатка, ораторлукка даярданышың керек. Ыр жазууну желкелеп алып, жарым жылдан кийин таштай качкан акындарды мен акын деп эсептебейм. Ошон үчүн, бийик мансап менин көзүмдөн учкан бийиктик эмес. Ошон үчүн менин бир ырымда «ыр - менин ханга саткыс ыйык мүлкүм» деп айткам. Бул өзүңдүн жан-дүйнөңдү саткан менен барабар. Ошон үчүн кызмат менен ырды алмаштырууга болбойт. Мисалы, Навои, Фирдоуси, Баласагындар улуу вазирлик кызмат өтөгөн, бирок алар улук вазирлигин таштап, ыр жазууга көбүрөөк көңүл бөлгөн. Ал тургай Алишер Навои вазирлигин таштап, эшек минип, дүйнө кезип кеткен. Ошон үчүн, булардын өмүр баяны көрсөтүп тургандай, ыр кызматтан бийик турат.

- Азыр экинчи жыйнагың чыгып атыптыр, ушуга ким демөөрчүлүк кылып атат?

- Токтомурат Сатарович деген ишкер, белгилүү жетекчи бар. Чүйдө бүткүл автобазалардын үстүнөн жетекчилик кылат. Өзү жигердүү адам. Көп эле чыгармачыл адамдарга жардам берип келатат. Ошол кишинин жардамы менен чыгып атат. Анан өзүм да кошумчалап атам. Типографиянын жетекчилиги да ар тараптуу жардам кылып, көркөмдөп чыгарып атат. Бир топ адамдар кеп-кеңешин айтып, жардам беришти. Ошолордун баарына терең ыраазычылыгымды билдирем. Ушул китебим мени, анан буюрса сизди да кубандырат деп кубанып турам.

- Өзүң билесиң, мурун Совет доорунда өкмөт китепти өзү чыгарып, өзү сатып, куржундап калем акы берчү. Азыр андай эмес. «Мени жөн эле шайтан азгырып, жөн эле убара болуп жүрөм» деген ой азгырбайбы?

- Эгерде кимдир-бирөө акча табыш үчүн ыр жазса, ал чоң жаңылышкан болот. Советтик доордо акча табыш үчүн жазуучулар көбөйүп кеткен болсо, Советтик доор кулагандан кийин жазуучулар азайып, базарларда ишкана ачып, же соодага өтүп ырды иш арасында гана жазып, экинчи планга таштап коюшту. Ырды биринчи планга коюш керек эле. Ырды жазып коюп, анан башка ишке өтүш керек эле. Азыр адамдар акча менен адабият жасай баштаптыр. Чындыгында адабият менен акча жасаш керек эле. Бальзак карызга батып, кыйналып жашаса да, бүт өмүрүн чыгармачылыкка арнаган. Ошондой эле Достоевский да. Булар байлыктан эмес, чыгармачылыктан ушунчалык ырахат алып жазышкан. Ошон үчүн акча менен адабият жараткандарды мен кубаттай албайм.

-Мурун Советтик доордо акын-жазуучулардай эле сынчылар да көп эле, азыр сынчылардын үнү угулбай калды го?

- Сынчылар дагы жемин алдырган куштай болуп, омсоюп калды. Айрым сынчылар азыр көбүнесе «Ак Үйдү» байырлап калышты. Мраморлонгон имараттарда тынч жашоону тандап алышты.

- Эми азыр Жазуучулар союзуна болгон мамилең кандай?

- Мурда бул союз мамлекеттин ырын ырдап, идеологиясын жүргүзгөн бир куралы болгон. Эми мамлекет карабай койгон соң жазуучулар да өз ара бөлүнүшүп кетти. Чет өлкөлөрдө эч жазуучулар союзу жок. «Пен-клуб» деген жазуучулардын клубу болот. Бизде да ошондой болсо. Ал клубдарда идеялык, руханий, бир туугандык сыяктуу пикирлештер болсо, ал уюм бекем болмок, бирок бизде мурдагы Жазуучулар союзу мамлекеттин идеологиялык куралы болгон соң, мамлекет курамы менен ал да ыдырап кетти. Ыдырап, бөлүнүп кеткендиктен алсыз болуп калды. Союздун азыркы абалы албетте, мени өкүндүрөт.

Жетим там

Четинде бир айылдын жетимсиреп,
Сокмо дубал там турат, ээн, жалгыз.
Келбейт го эми, үй ээси экинчи ирет,
Короо-жайды бүт баскан чөп-чар, жалбыз.

Бир кезекте бөбөктөр куунак ойноп,
Көз кубанчу, жүргөнүнө чурулдашып.
Жүрөт эми короодо жылан сойлоп,
Эски талды көк шамал шуулдатып.

Бастырмага байланчу сары жорго,
Суулук чайнап, турчу эле окуранып.
Жетим тамдын боюнда, жалгыз жолдо,
Жүрөт карга кык-тезек чокуй калып.

Качандыр-бир бул үйдөн келин чыгып,
Тосоор эле күйөөсүн куунак карап…
Теректи да кетиптир бирөө кесип,
Турат эми мунжу шекил кайран дарак.
XS
SM
MD
LG