Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:47

ШАНХАЙ КЫЗМАТТАШТЫК УЮМУНУН АЙМАКТЫК АНТИТЕРРОРДУК БОРБОРУ ҮЧҮН БИШКЕКТЕ ИМАРАТ ДАЯР


Чолпон Орозобекова, Бишкек Тышкы иштер министрлигинде 23-майда маалымат жыйыны өтүп, Шанхай Кызматташтык Уюмундагы (ШКУ) Кыргызстандын улуттук координатору Асанбек Осмоналиев Бишкекте ШКУнун Аймактык антитеррордук борбору орнотулаарына аз калганын билдирди. ШКУга кирген мамлекеттердин 28-29-майда Москвада өтчү саммитинде бир топ документтерге кол коюлат. Саясий декларация, ШКУнун катчылыгы тууралуу макулдашуу, казынаны түзүү жана аткаруу жөнүндө келишим өңдүү олуттуу кагаздардын ичинде Аймактык антитеррордук түзүлүштүн иши үчүн маанилүү болгон «Маалыматтар топтому тууралуу» жана «Жашыруун маалыматтарды алмашуу тартиби жөнүндө» келишимдер да бар.

Ушул жылдын аягында Шанхай Кызматташтык Уюмунун Аймактык антитеррордук түзүлүшү Бишкекте орнойт. Кыргыз бийлиги бул борбор үчүн Бишкектен имарат ылайыктап, аны ШКУга кирген мамлекеттердин Кыргызстандагы элчилери менен чогуу көрүп чыгышты. Буга чейин айрым Батыш өлкөлөрүнүн кай бир массалык маалымат каражаттарында ШКУнун алкагында Кытайдын аскерлерин Кыргызстанда жайгаштыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп атканы туурасында маалымат тараган. ШКУдагы Кыргызстандын улуттук координатору Асанбек Осмоналиев «эл аралык эксперттик топ тарабынан азырынча кагаз бетинде долбоорлонгон антитеррордук борбордо эч бир өлкөнүн куралдуу күчтөрү болбойт» деп билдирди. Анын айтымында бул борбор чакан, жыйнак болуп, жалаң маалымат менен иштеген адистердин башын кошот.

- Алдын-ала эксперттик божомолго караганда, анда 30дай киши иштейт. Терроризм боюнча маалыматтарды топтоп, мамлекеттер менен маалымат алмашууга адистешкен атайын адистер отурат. Бул жерде куралдуу күчтөр туурасында сөз жок, - дейт Осмоналиев мырза.

ШКУга мүчө болгон 6 мамлекеттин антитеррордук түзүлүштөгү өкүлдөрүнүн саны ар бир өлкөнүн мүчөлүк үлүшүнө жараша аныкталмакчы. А. Осмоналиевдин маалыматына караганда, ШКУнун жалпы казынасы Орусия эксперттеринин чен-өлчөмү боюнча 4 миллион доллар болушу күтүлөт. Жалпы казынага үлүштү ар бир мамлекет өз дараметине жараша кошот. Мисалы, Казакстан бул каражаттын 20% айланасында акча берүүгө белсенип атса, Кыргызстан антитеррордук борборго орун камдап аткан тарап катары андан азыраак, 10% өлчөмүндөгү каражатты караштырууда. Демек, ШКУнун Аймактык антитеррордук борборуна 3 же 4 гана кыргыз, 6-7ге чукул казакстандык жаран кызматка алынат деп айтууга негиз бар. Кыргызстандын улуттук координаторунун айтымында, адистер атайын кызматтарда жана дипломатиялык тармакта топтогон тажрыйбасына, кытай жана англис тилдеринде эркин сүйлөй билгенине жараша тандалат.

Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Асанбек Осмоналиев 6 мамлекеттин өкүлдөрүнөн турган бул борборго Кыргызстан тараптан башчы шайланат деген үмүт бар экенин кыйытты. Бирок, азырынча ШКУга кирген мамлекеттер ортосунда бул борбордун жетекчилиги тууралуу маселе расмий түрдө көтөрүлө элек.

Шанхай Кызматташтык Уюмунун бул органы Бишкекте жайгашып, терроризмге каршы күрөштү көздөгөн эл аралык күчтөрдүн үчүнчүсү болмокчу. Коомчулукта Кыргызстанга чет жерден куралдуу күчтөрдүн келишин кооптонуу менен кабыл алгандар жок эмес. Кыргызстандагы коммунисттик партия кыргыз бийлигинин башка мамлекеттер менен ушул өңүттөгү карым-катышын башынан эле сындап келет. Коммунист-депутат Абсамат Масалиев терроризмди жоготуу шылтоосу менен Бишкекте чет жердик куралдуу күчтөрдүн орношуна каршы. Ал, «кыргыз өкмөтү дайым бетке кармап келаткан экономикалык киреше - курулай жел сөз» деген ойду айтат.

- Эмне үчүн баары эле Кыргызстанда туруп алып терроризмге каршы күрөшүшү керек? Кыргызстанда бир да террористтик уюм жок жана андай коркунуч жок. Менимче, мындай уюмдардан кыргыз эли үчүн эч кандай пайда жок. Эл аралык террорго каршы коалициялык күчтөр келээрде «мамлекеттик казына үчүн оңбогондой пайда болот» деп ишендиришкен. Кана, ошончолук пайда болгону?, - дейт депутат Масалиев.

Тышкы иштер министринин орун басары А. Осмоналиев ШКУнун террорго каршы борборунан мамлекеттик казынага кыйла киреше түшөөрү жөнүндө 23-майда өткөргөн маалымат жыйынында мындайча билдирген:

- Имараттын ижарасы үчүн каражат алабыз, анда иштеген чет элдик жарандар бул жактан кийинет-ичинет дегендей, батирге төлөп жашашат, алган айлыгын биздин өлкөнүн ичинде коротот. Мунун баары биздин казынага киреше алып келет.

Мурдагы тышкы иштер министри, Кытайда бир канча жылдар бою иштеп, кытай тилинде эркин сүйлөгөн Муратбек Иманалиев «Кытай өкмөтү АКШ, Орусия менен теңтайлашып, Орто Азиядагы кызыкчылыктарын уттургусу келбейт» дейт. Анын пикиринде, мындай антитеррордук түзүлүштөрдүн орун алышынан Кыргызстан уттурабы же утабы – бул кыргыз бийлигинин өзүнө көз каранды.

- Кыргыз бийлиги маселени өз убагында көтөрүп, өз кызыкчылыктарын коргоп, тигилерди да керек учурда кыстай билиши керек. Эгерде баарын карматып коюп эле бардык шартка көнүп унчукпай отура берсе, албетте, уттурат, - дейт Муратбек Иманалиев.

Москвадагы жолугушууда Шанхай Кызматташтык Уюмунун биринчи аткаруу катчысы болуп Кытай Эл Республикасынын Орусиядагы элчиси болуп келген Чжан Дэгуан мырза бекигени турат. ШКУнун казынасына жана катчылыгына байланышкан саясий келишимдерден тышкары, министрликтердин деңгээлинде соода-экономикалык карым-катнаштар да ортого коюлат. Тышкы иштер министринин орун басары Асанбек Осмоналиевдин айтымында, Кыргызстан үчүн маанилүү бир нече өндүрүш маселелери да каралат. Маселен, Кыргызстан-Кытай-Өзбекстан темир жолунун курулушу, СУАРга Кыргызстандын электр энергиясын экспорттоо, мунайзатты чогуу иштетүү, табигый кырсыктардын алдын алуу жана алтын өндүрүшүн өнүктүрүү да ушул сыяктуу маселелерден.
XS
SM
MD
LG