Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:55

Канндагы кинофествалда ооган фильми биринчи жолу байгеге ээ болду


КАННЫ. Чындыкка негизделген "Усама" деген фильм 12 жаштагы ооган кыздын башынан кечирген окуясы жөнүндө баяндайт. Көп жылдан берки согуштан кыздын үй бүлөөсүндө эркектер өлүп отуруп, калбай калат. Жан багуунун айласын издеп, кыздын энеси менен чоң энеси аны эркекче кийиндирип, ишке орноштурушат. Бирок көп өтпөй алардын амалы ашкереленип, кыз талибдердин сотуна тартылат. Фильм өткөн жылы талибдердин режими кулаган соң тартылган. Кинофестивалдын көрүүчүлөрү фильмдин авторлорун кол чабуулар менен тосуп алышты.


Кечки жаңылыктар топтомун даярдаган - Баян Жумакадыр кызы, Прага

XS
SM
MD
LG