Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:33

Бүгүн Кабулда ачууланган демонстранттар АКШнын элчилигине таш ыргытышты


КАБУЛ. Ушул аптанын башында АКШ аскерлеринин жаңылыш аткан огунан оогандык төрт солдаттын курман болгонуна ачууланган жүздөн ашык киши демонстрация өткөрүп, "Америкалыктарга өлүм!", "Бушка өлүм!","Хамид Карзайга өлүм!" деп кыйкырып, төрт оогандык солдаттын өлүмүнө себепкер америкалык аскерлерди жазага тартууну талап кылышты. Америка элчилигинин жанына келген соң демонстранттар имаратка таш ыргытышты. Шаршемби күнү америкалык элчиликти кайтарган аскерлер төрт ооган солдатына жаңылыш ок ачып, өлтүрүп салышкан болчу. Демонстранттар эл аралык тынчтык күчтөрүнө таандык автомашинелерге зыян келтирип, бейпилдик күчтөрүнүн эки солдатын жарадар кылышты.

XS
SM
MD
LG