Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:39

Иракта мунай өндүрүү бир айдын ичинде эки эсеге көбөйөт


БАГДАД. Бул жөнүндө Ирактын мунай министринин милдетин аткарып жаткан Тамер ал-Хадбан билдирди. Анын айтымында, азыр Иракта күнүнө 700 миң баррель мунай казылып алынууда. Кувейттеги согушка чейин Иракта күнүнө 3 миллион баррель мунай казылып алынчу. Ирактын түндүгүндөгү Киркук шаарында 300 делегат чогулуп, келерки жумада региондун өкмөтүн шайлай турган 30 кишиден турган кеңештин мүчөлөрүн тандап жатышат. Анын аралыгында Багдадда АКШ баштаган коалиция бүгүн коомдук тармакта иштеген ирактыктарга согуш бүткөндөн кийин биринчи жолу маяна бере баштады. Алгачкы айлыктар электр-энергия менен камсыз кылуу тармагында иштеген 10 миң кызматкерге берилүүдө. Бүгүн Хуссейндин тушунда маалымат каражаттарында иштеген жүздөгөн кишилер АКШ негиздеген "Ирактын Медия Тармагы" деген компаниянын алдында чогулуп, кызмат берүүнү талап кылышты. Атайын тизме түзүп, бийликтерге тапшырган соң журналисттер тарап кетишти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG